Альбукасис, же Абулкасым Халаф ибни Аббас аз-Захрави (936-1010 ченде, башка маалымат боюнча 1013) - араб хирургу, орто кылымдын башындагы хирургдардын колдон түшпөс китеби болгон 30 томдук «Китаб аз-Захрави» энциклопедиясынын автору. Ал кан агууну токтотуу ыкмасын, тканды ичеги жиби (азыркы кетгут) менен тигүү, чуркуну операция жолу менен дарылоо, гангренада ампутациялоо жана башкаларды сунуш кылган. 200дөн ашык хирургиялык аспаптарды сыпаттап жазган.

Абулкасым Халаф ибни Аббас аз-Захрави 936-жылы Андалусияда төрөлгөн араб дарыгер жана илимпоз болгон. Азыркы Испания менен Португалиянын аймагында ал кезде мусулмандардын Кордова халифалыгы өкүм сүрүп турганда, аз-Захрави хансарайдын дарыгери болуп иштеген. Ал хирургия, медицина, офтальмология, ортопедия, фармакология, одонтология, аначылык, гинекология, урология, туура тамактануу, тишти кароо, ымыркайды кароо, патологиялык акыбалдар сыяктуу жана башка темаларга арналган баптары бар «Ат-Тасриф» деген 30 томдук эмгек жазган. 1000-жылы бүткөн бул энциклопедияга Аз-Захрави өзүнүн 77 жылынын 50 жылын арнаган. Мында оорулардын, жаракаттардын, медициналык акыбалдардын, дарылоо түрлөрүнүн жана хирургиялык процедуралардын кеңири спектри тууралуу маалымат камтылып, хирургиялык инструменттердин 200дөн ашык түрү баяндалган.

«Китаб ут-Тасрифтин» акыркы 30-тому хирургияга арналган, анткени аз-Захравинин ою боюнча, медицинанын башка тармактары менен таанышмайынча, хирургия менен алектенүүгө болбойт. Мында окурманга ар бир деталь түшүнүктүү болушу үчүн китепте баяндалган хирургиялык операцияларга колдонулуучу ар бир инструменттин сүрөтү тартылган. Ал заара чыгаруучу каналды изилдөө үчүн, кызыл өңгөчтөн ашыкча эттерди ажыратып алуу үчүн, кулакты текшерүү үчүн атайын инструменттерди ойлоп тапкан. Анын ойлоп тапкан эмгектеринин арасында наштар, шприц, чымчуур жана хирургиялык ийнелер сыяктуу татаал инструменттер да болгон. Койдун ичегисинен жасалган кыл менен, башкача айтканда кетгут менен тигүүнү күнүмдүк практикага киргизген биринчи хирург – ушул аз-Захрави болгон.

Аз-Захравинин эмгеги да кийин латынчага которулуп, 18-кылымга чейин Европада хирургия боюнча негизги булак болуп, бардык окуу жайларда стандарттуу окуу куралы катары пайдаланылган. Батышта Альбукасис деп таанылган Абулкасым аз-Захравинин китебинде баяндалган айрым хирургиялык практикалар азыр да колдонулуп келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү