Башбаракты ачуу

Аксакалкоомдогу уруунун же уруктун башкаруучусу, кадырман, билерман, тажрыйбалуу адам. Аксакал көптү көргөн, көптү билген, иш менен сөзгө кадик жана уруунун ички-тышкы мамилелерин жөнгө салып турган. Патриархалдык-феодалдык мамилелер өнүккөн учурда аксакал башкаруу укугунан ажырап, айылдын кеңешчиси, калыс кишиси катары гана кызмат өтөгөн. Мындай шартта ар бир карыя адам аксакал деп аталса да, кадыр-баркка жана урматтоого баары бирдей ээ боло берген эмес. Кимдин колунда мал жана байлык болсо же балдары, туугандары таасирлүү болсо, ошол адам гана айыл аксакал деп аталчу. Кийинчерээк жалаң эле карыялар эмес, мансаптуу, колунда бар кишилер да, жашына карабастан аксакал аталып кеткен.


АдабиятОңдоо

  • Кыргыз тарыхы.Энциклопедия/Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов,

Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б. — Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети, 2003