Ак-Дөбө шаар чалдыбары – 9–12-кылымдарга мүнөздүү эстелик. Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз – Талас автожолунан 75 км. аралыкта жайгашкан. Шаар чалдыбары үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы узундугу 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 м. Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак-жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак-жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин жана металл калдыктары, чопо казан, кумара, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карапа идиштери оймо-чиймеленип, сыр менен кооздолгон. Ак -Дөбө шаар чалдыбарынын калдыгын орто кылымдагы жазма булактардагы Кул шаарынын орду менен байланыштырышат. В.В. Бартольд, М.Е. Массон, А.Н. Бернштам тарабынан изилденген.

Адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү