Ак-Түз
Ак-Түз — Кыргызстандын Чүй облусун Кемин районундагы айыл.
Айыл
Ак-Түз
|
Кичи Кемин өрөөнүндөгү Актүз капчыгайынын төрүндө, деңиз деңгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Айыл ушул жердеги түстүү металл кендерин өздөштүрүүнүн натыйжасында 1938-жылы негизделген. Райондун борбору жана темир жол бекети Кеминден 45км, облустун борбору Токмок шаарынын 80 км, (Бишкек 140 км чыгыш тарапта. Аянты 94 км2, калкы 0,9 миң (2002). Калктын көпчүлүгү (78 %) кыргыздар. Актүз мамлекеттик акционердик коому, «Айнур» заводунун филиалы иштейт. Шаарчада орто мектеп, бала бакча, 2 китепкана, оорукана бар.
Калкы Түзөтүү
Калкы ― 580 киши (2009-жылы)[1].
1959[2] | 1970[3] | 1979[4] | 1989[5] | 1999[6] | 2009[6] |
---|---|---|---|---|---|
3675 | 3223 | 2517 | 2425 | 933 | 580 |
Бул Кыргызстан бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Булактар Түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Перепись-1959
- ↑ Перепись-1970
- ↑ Перепись-1979
- ↑ Перепись-1989
- ↑ 6.0 6.1 Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedЧу