Жүк буюму. Бир жак бети бачайы, атлас шайы, сатин, чыт сыяктуу кездемелер менен капталган калың кийиз төшөнчү. Уздар мунун кездеме жак бетинин баш-аягына карыш-сөөмдөй башка кездемелерден «кыюулап», ага ийне сайма, илме сайма (шибеге сайма) аркылуу көркөм көчөттөрдү түшүрүшкөн. Саймачылар мында «бадам», «мүйүз», «гүл», «кыял» оюмдарынын элементтерин ич ара айкалыштыра беришкен. Буга «секиртме сайма», «таңдай сайма», «көптүрмө сайма» мүнөздүү келет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)