Алымбаев Абдрахман Мырзагул уулу

Алымбаев Абдрахман (адабий псевдоними Байас Турал). 1956-жылы Аксынын Авлетим айылында туулган. Тарыхчы, публицист, акын. Белгилүү коомдук-маданий ишмер.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. Алматы шаарынан партиялык институтта окуп билимин уланткан. Андан соң, Кыргыз ИАсынын илимий кызматкери болуп эмгектенген. Өкмөттүк кызматтарда ишин улантып, Кыргызстан Жазуучулар бирикмесинин катчысы, вице-президенти катары чыгармачыл чөйрөгө таанылган.

Өзбекстандагы, Каракалпакстандагы жашаган кыргыздар, алардын уруулук курамы, каада-салттары, жашаган аймактары, жер-суу аталыштары жана башкалар боюнча этнографиялык маанидеги маалыматтарды басма сөз беттерине жарыялап келет. Тажикстандагы жашаган лакай, барлас, коңурат, катаган, дүрмөндөр жана алардын чыгыш тектери, кыргыздар менен этногенетикалык, этномаданий алакалары боюнча жүйөлүү илимий пикирлердин автору катары маалым. Аталган этнографиялык топтор жашаган аймактарды кыдырып, бир кыйла маалыматтарды илимге киргизген. Кыргыз элинин теги, уруулук курамы, философиялык-диний коз караштары боюнча бир катар эмгектерди жазган. Публицистика багытында кыргыз тили, каада-салт жөрөлгөлөрү, мекенди сүйүп, урматтоо, илим-билим жана башка багытында жазылган коптөгөн макала, эмгектерди эл назарына сунуш эткен. Кыргыздардын элдик календары, майрамдары, эл, уруу-урук, жер-суу аталыштары жана алардын түпкү маанилери боюнча жүйөлүү илимий пикирлердин ээси. "Улустун улуу күнү", "Түрк" этноними жана анын мааниси", "Түркстандын түпкү аталышы", "Огуздар жана алардын теги" жана башка эмгектердин автору.

Колдонулган адабият түзөтүү

Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,2005-жыл.