Анатай Өмүрканов

Кыргызстандык акын

Анатай ӨмүркановКыргыз Республикасынын эл акыны (2005). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2015). III даражадагы Манас орденинин ээси (2016).

Анатай Өмүрканов
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

акын

Туулган датасы:

2 -июнь 1945(1945-06-02) (78 жаш)

Туулган жери:

Манас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан


Өмүр баяны түзөтүү

Акын Анатай Өмүрканов Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Манас районунда 1945-жылы 2-июнда туулган.
Ал 1961-жылы Арал орто мектебин,1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1971-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы болгон.

1988–2000-жж. «Адабият» басмасында башкы редактор болуп иштеген.

2000–2006-жж. Кыргызстан басмасында бөлүм башчы, башкы редактор кызматтарын аркалаган.

2006–2007-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.
Ошол кездеги бийлик ээси - президент Курманбек Бакиевди сындап койгону үчүн аны бул кызматынан четтетишкен.

2012-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу Кеңешине мүчө кылып шайлаган. Бул коомдук кызматты 2016-жылдын апрелине чейин аркалаган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы «Мөлтүр сезим» деген ат менен Бишкекте жарык көргөн.

Акындын ырлары ошондой эле орус тилинде басылып чыккан.

Жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу.

Акындын "Ала Тоо Archived 2014-09-06 at the Wayback Machine" аттуу ыры түзөтүү

Чымын жан чындыгында сен деп чыгат,
Өзүңдү сүйөмүн деп айтыш уят,
Абалтан жаным да сен, каным да сен
Арбагы аталардын сенде турат.

Карааның карап коюш канча кубат,
Өзүңдөн өтсөк болду убап-чубап…
Кай жерде биз жүрбөйлү, кагылайын
Кайдайын сен деп каккан жүрөк туят.

Өзүмө сен жалгызсың ай-ааламда,
Сабылып сагынарым өзүң гана.
Кудурет куттуу күнү кубандырып
Кут чачып, кубат берип турсун сага.

Баркыңды көкөлөтүп дагы бийик,
Баламдын баласы өтөт сени сүйүп…
Жол таппай караңгыда калып калсаң
Жоодурап көзүм күндөй турат күйүп.

Тамчыда бакыт чексиз сага тамган,
Жашаган жараныңда болбойт арман.
Жар болсун урпактардан урпактарга
Ушул көл, ушул тооң, ушул талааң.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

1973-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

1985-жылы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты болду.

“Түгөлбай ата” коомунун сыйлыгынын ээси.

1991-жылы чыккан “Жанкисе” ырлар жыйнагы “Жылдын мыкты китеби” деп табылган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны деген ардактуу наам берилген.

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2015).

III даражадагы Манас орденинин ээси (2016).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде

Мөлтүр сезим: Ырлар.  Ф.: Кыргызстан, 1973.  82 б.

Чабалекей: Ырлар.  Ф.: Кыргызстан, 1977.  52 б.

Алтын өзөн: Ырлар.  Ф.: Кыргызстан, 1980.  76 б.

Күн жол: Ырлар жана поэма.  Ф.: Мектеп, 1983.  96 б.

Бар бол: Ырлар жана поэма.  Ф.: Кыргызстан, 1986.  96 б.

Биринчи кар: Ырлар.  Ф.: Мектеп, 1986.  16 б.

Жашыл арал: Ырлар.  Ф.: Мектеп, 1988.  160 б.

Жанкисе: Ырлар.  Ф.: Адабият, 1991.  175 б.

Күндөгү так: Ырлар жана поэма.  Б.: Кыргызстан, 1995.  336 б.

Асмансыз жылдар: Ырлар жана поэма.  Б.: Кыргызстан, 2001.  200 б.

Ак тилек: Обондуу ырлар.  Б.: Кыргызстан, 2003.  180 б.

Тушалган чагылган: Ырлар жана поэмалар.  Б.: Акыл, 2005.  200 б.

Тандалма I том. Ырлар жана поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2005.  356 б.

Тандалма II том. Ырлар жана поэмалар.  Б.: Бийиктик, 2005.  366 б.

Ак тилек: Обондуу ырлар (Экинчи басылышы). – Б.: Алтын тамга, 2008. – 215 б.

Орус тилинде

Светлое чувство: Стихи. – М.: Молодая гвардия, 1987.  87 с.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Ала-Тоо таңшыйт: Обондуу ырлар / Түзгөн Балбай Алагушев. - Алтынчы басылышы, толукталган. - Бишкек: Шам, 2005. - 448 бет. - ISBN 9967-10-230-6.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү