Андорра-Ла-Вилья - Андорра мамлекетинин борбор шаары. Валира дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар) жайгашкан. Калкы 20,4 миң (2004). Шаардын агломерациясы Андорра-Лес-Эскальдесте өлкөнүн калкынын ½ бөлүгү жашайт. Тамеки фабрикасы; сувенир, сыр жасоочу, жүн жип ийрүү ишканалары, музыкалык академия, театр жана башкалар бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка жана ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн. 9-кылымдын башында негизделген. Ыйык Арменголь чиркөөсү (11-12-кылым), өкмөттүн резиденциясы «Дом долин» (16-кылым; азыр сүрөт жана тарых музейи) сакталган.
Отурукташкан жай
Андорра-Ла-Вилья кат. Andorra la Vella
Желек
|
Герб
|
|
|
|