Антонио Мануэль де Оливейра Гутерриш, же Гутерреш (порт. António Manuel de Oliveira Guterres, 1949-жылдын 30 апрелинде туулган) — португалиялык мамлекеттик ишмер, 2017-жылдын 1-январынан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы.

Антонио ГутерришБириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы

Португалиянын Социалисттик партиясынын башкы катчысы (1992-2002), Португалиянын премьер-министри (1995-2002), Социалисттик интернационалдын төрагасы (1999-2005), БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары (2005-2015).

Өмүр баяны түзөтүү

Антониу Гутерриш 1949-жылы Лиссабондо Вирджилиу Диас Гутерриш жана Хилда Кандида де Оливейранын үй-бүлөсүндө туулган.

Ал престиждүү Camoes мектебинде окуган. 1965-жылы Португалиянын эң мыкты окуучусу деп табылып, Улуттук Лицей сыйлыгын (Prémio Nacional dos Liceus) алган. Андан кийин Жогорку техникалык институтка тапшырып, ал жерде физика жана электрондук инженерия боюнча билим алган. Студент кезинде католик жаштар кыймылдары менен байланышы болгон[1]. 1971-жылы институтту аяктагандан кийин электр байланыш системаларынын теориясынан сабак берген.

Социалисттик партиядагы мансап түзөтүү

Гутерреш 1974-жылы саясатка киришүүнү чечип, Португалия Социалисттик партиясына кошулган. Ошол эле жылы оңчул диктатура Марсело Каэтанону кулаткан гвоздика революциясынан кийин ал окутуучулуктан кетип, өзүн толугу менен саясий ишмердүүлүккө арнаган. 1976-жылдан 1992-жылга чейин Гутерриш Португалиянын парламентинде Кастело Бранконун өкүлү болгон. Ал өлкөнүн Европалык Экономикалык Коомчулука кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топтун курамына кирген жана 1991-жылы Качкындар боюнча Португал кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн катарында болгон.

1992-2002-жылдары Гутерриш Португалиянын Социалисттик партиясынын башкы катчысы болгон. Ал бул кызматка парламенттик шайлоодо социалисттер үчүнчү ирет катары менен жеңилгенден кийин шайланган.

Португалиянын премьер-министри түзөтүү

Гутерриш жетектеген партия 1995-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип, 1995-жылдан 2002-жылга чейин Португалия өкмөтүн жетектеген [2].

Премьер-министрликтин алгачкы жылдарында ал туруктуу экономикалык өсүштүн аркасында жогорку популярдуулугун сактап калган. Бирок, шайлоо кампаниясында билим берүүгө мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүү жана кепилденген минималдуу кирешени киргизүү убадаларына карабастан, анын өкмөтү негизинен евроаймактын Маастрихт критерийлерине жооп берүү үчүн тең салмактуу бюджетти камсыздоонун үстүндө иштеген. Гутеррештин кабинети менчиктештирүүнү ага чейинки Анибал Кавако Силванын өкмөтүнө караганда дагы интенсивдүү жүргүзүп жатты: ИДПдагы мамлекеттик менчиктин үлүшү эки эсеге кыскарган, 1994-жылдагы 11%дан беш жылдан кийинки 5,5%га чейин.

Тышкы саясатта Гутерриш 1999-жылы Чыгыш Тиморго БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизүүнү колдоду, бул өлкөнүн Индонезиянын оккупациясын токтотууга жана көз карандысыздык алууга мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы Португалия Макаонун ээлигин КНРдин суверенитетине өткөрүп берүү боюнча 12 жылдык сүйлөшүүлөрдү аяктады.

1999-жылдагы парламенттик шайлоодо социалисттер дагы, оппозициялык күчтөр дагы 115тен депутат алышкан; Гутерриш экинчи мөөнөткө премьер-министр болуп дайындалып, 2000-жылдын биринчи жарымында Европа Кеңешине төрагалык кылган. Бирок, экономикалык өсүштүн басаңдашы, партия ичиндеги чыр-чатактар жана Хинсе-Рибейро көпүрөсүнүн кыйрашы сыяктуу башаламандыктар социалисттердин популярдуулугун солкулдатты. 2001-жылдагы жергиликтүү шайлоодо утулгандан кийин Гутерриш "өлкөнү саясий сазга батырбаш үчүн" кызматтан кетип, Социалисттик партиянын жетекчилиги анын өкмөтүндөгү министрлердин бири Эдуард Ферр Родригеске өткөн.

Эл аралык уюмдарда түзөтүү

Гутерриш 2005-жылдан 2015-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары болуп иштеген.

2016-жылы жайында ал БУУнун Башкы катчысын шайлоого талапкер катары көрсөтүлгөн. 2016-жылдын 13-октябрында БУУнун Башкы ассамблеясы Гутерришти башкы катчылыкка шайлады. Ал 2017-жылдын 1-январында кызматка киришкен[3]. 2021-жылдын июлунда ал 2022-жылдын 1-январында башталган экинчи мөөнөткө кайра шайланган[4]. 2022-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал учурунда тынчтык орнотуу миссияларына катышкан.

Булактар түзөтүү

  1. António Guterres (порт.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). infopedia.pt (10 -июнь (кулжа) 2016). Текшерилген күнү 6 -октябрь (тогуздун айы) 2016.
  2. Новый генсек ООН: кто такой Антониу Гутерриш? (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). BBC (5 -октябрь (тогуздун айы) 2016). Текшерилген күнү 6 -октябрь (тогуздун айы) 2016.
  3. В ООН выбрали нового генерального секретаря (орус.) Текшерлген күн: 10.07.2023
  4. Генассамблея назначила Гутерриша генсеком ООН на второй срок(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2021.