Атабек Азисбеков
Атабек Азисбеков (төр. 15-июль, 1995; Арал, Талас району, Талас облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу жана грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Азия оюндарынын жана дүйнө чемпиондугунун байге ээси, Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону жана эл аралык деңгээлдеги спорт чебери. Олимпиада оюндарынын катышуучусу (2020)[1] .
Атабек Азисбеков | |
Жынысы |
эркек |
---|---|
Жарандыгы | |
Чеберчилиги | |
Клубу |
РУОР (Бишкек) |
Төрөлгөн датасы | |
Төрөлгөн жери | |
Спорттук карьерасы |
2008 — а. у |
Машыктыруучу |
Уран Калилов |
Бою |
175 см |
Салмагы |
82—87 кг |
Спорттук чини |
Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери |
|
Өмүр баяны
түзөтүүАтабек Азисбеков 1995-жылы 15-июлда Талас облусундагы Талас районунун Арал айылында туулган. Атасы Азисбек Көчөрбаев 1969-жылы туулган, дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Апасы Жылдыз Курманалиева 1969-жылы туулган, башталгыч класстын мугалими. Төрт бир туугандын улуусу. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика факультетин аяктаган.
Карьерасы
түзөтүү- 2011 — Таиландда өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль;
- 2011 — Москвада өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;
- 2012 — Бишкекте өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль;
- 2014 — Бакуда өткөн жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медаль;
- 2014 — Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;
- 2015 — Дохада өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
- 2016 — Астанада өткөн Азия чемпионатынын лицензиялык мелдешинде коло медаль;
- 2017 — Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль;
- 2018 — Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
- 2019 — Алма-Атада өткөн дүйнө чемпиондугунда бешинчи орун.
Жыйынтыктары
түзөтүүЖылы | Мелдештер | Өткөргөн шаар/өлкө | Жыйынтыгы | Категориясы |
---|---|---|---|---|
2013 | Универсиада | Казан, Орусия | 19 | —74 кг |
2015 | Азия чемпиондугу | Доха, Катар | 2 | —75 кг |
Дүйнө чемпиондугу | Лас-Вегас, АКШ | 11 | —75 кг | |
2016 | Дүйнө чемпиондугу | Будапешт, Венгрия | 21 | —80 кг |
2017 | Ислам оюндары | Баку, Азербайжан | 5 | — 80 кг |
Жабык имараттагы Азия оюндары | Ашхабад, Түркмөнстан | 2 | — 80 кг | |
2018 | Азия чемпиондугу | Бишкек, Кыргызстан | 2 | — 82 кг |
Дүйнө чемпиондугу | Будапешт, Венгрия | 5 | — 82 кг | |
2019 | Азия чемпиондугу | Кытай | 8 | —87 кг |
Дүйнө чемпиондугу | Нур-Султан, Казакстан | 5 | —87 кг | |
2021 | Азия чемпиондугу | Алма-Ата, Казакстан | 2 | —87 кг |
2021 | Олимпиада оюндары | Токио, Жапония | — | —87 кг |
Эскермелер
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- Атабек Азисбеков — International Wrestling Database сайтындагы профили (англ.)
- Азисбеков Атабек Азисбекович