Атай Огонбаев (айыл)
Атай Огомбаев ― Кыргызстандын Талас облусунун Талас районундагы айыл. Калба айыл аймагына кирет.
Отурукташкан жай
Атай Огонбаев
|
Райондун борбору Көгой кыштагынан 21 км. Маймак темир жол бекетинен 140 км. Калба ж-а Бешташ сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 1427 м бийиктикте жайгашкан. Орто мектеп М. Козубекованын музейи, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, тери, кум, кыш, кымыз цехтери бар. Кыштакка Кыргыз Республикасынын эл артисти Атай Огомбаевдин ысмы коюлган.
Калкы
түзөтүүКалкы - 3 211 киши[1]; негизинен дыйканчылыкта, багбанчылыкта, мал чарбасында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.