Касымова Аяна Айзаровна ( 30-март 1998, Бишкек, Кыргызстан) — кыргызстандык ырчы, аткаруучу. Кыргыз тилинде жана англис тилинде ырдайт.

Аяна Касымова
Негизги маалымат
Толук ысымы

Касымова Аяна Айзаровна

Туулган датасы

30 -март 1998(1998-03-30) (26 жаш)

Туулган жери

Бишкек шаары, Кыргызстан

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, аткаруучу

Жанрлары

поп-музыка

Активдүү жылдары

2014 — азыркы учурда

Кызматташтык

Айым Айылчиева, Баястан

Super.kg: ID 1121

Орусиянын «Артист» долбоорунан[1] кийин жылдызы жанган жаш ырчы, интернет айдыңында «Сүрөтүңө» атту ыры менен таанылган.

Өмүр баяны түзөтүү

Аяна 1999-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинде Селин Диондун, Уитни Хьюстондун ырларын угуп, 3-4 жашынан эле ырдап баштаган. Жаштайынан "Ак шоола" балдар хорунда ырдаган. Биринчи сахнага 6 жашында чыгып, тушоосун кескен.[2]

Карьеранын башаты түзөтүү

Сентябрь, 2014 - Орусиялык "Артист" сынагына катышкан. «Unchained melody» ырына (муз. А. Нортон жана Х. Зарет) калыстар тобундагы Лолита Милявскаядан башкасынын баары добуш берип, телеберүүчүлөрдүн добуштарын кошкондо 80% көрсөткүч менен кийинки турга өткөн. Ал эми кийинки турда «When I was your man» ыры менен (A. Wyatt / A. Levine / B. Mars / P. Lawrence) калыстардын бардыгы жана көрүүчүлөрдүн добуштарын кошкондо, 83% добуш алган. Бул сынактан андан ары жолду улантууга тилекке каршы болгон эмес, бирок калыстардын чечими менен финалга чыккан. Жыйынтыгында 7-орунду камсыздаган.[3]

2015 - Орусия сынагынын финалчысы, Аяна Жолдошбек Мамажановдун "Сүрөтүңө" аттуу ырын жаңылатып ырдаган видеосу кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында хит болуп, элге тарап кеткен. YouТube сайтында Аянанын аткаруусунда баш аягы менен 6 ыр саналат. Анын ар бири 200-300 миң көрүү көрсөткүчүнөн ашкан.

Айым Айылчиева менен бирге Жолдубай Кайыповдун "Ата-эне" аттуу ыры видеоклибинде жазылгандай, Кыргызстандын бардык ата-энелерине арналат. Бул ырды эл жакшы кабыл алып, өлкөнүн бир нече радио чарттарында алдыңкы орунду ээлеген.[4]

Үй-бүлөсү түзөтүү

Атасы — Айзар Касымов, ырчынын продюсери, Улуттук Консерваторияны бүткөн. "Аура" аттуу джаз группасынын солисти. Апасы — Аида Токтосунова, "Камбаркан" фольклордук ансамблинде иштейт.[5] Жана дагы иниси бар

Дискографиясы түзөтүү

Видеографиясы түзөтүү

Жылы Аталышы Клипмейкери
2015 «Атам менен энеме»
2015 «Адамзат» Mediastar
2016 «Энеме»
2016 «Чагылган»
2017 «Ажар»
2017 «Аманат»

Жеке жашоосу түзөтүү

Сыйлыктар түзөтүү

  1. Бишкек шаарынын мыкты атуулу Ардак Баракчасы

Эскертмелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү