Ая (ырчы)

Кыргызстандык жана Орусиялык ырчы

Светлана Назаренко (1970-жылы 17-октябрда Фрунзе шаарында туулган ) – орус жана кыргыз ырчысы, "Город 312"тобунун вокалисти. Айя сахналык аты менен белгилүү. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (2007). Поп, альтернатив рок, хаус стилдеринде иштейт. Кесиптештери менен ал хиттерди гана жаратпастан, тасмаларга музыка жазат. Ал аткарган тректер «Күндүзгү күзөт” "Питер FM", "Кереметти күтүүдө", "Тагдыр тамашасы. Уландысы" тасмаларында угууга болот.

Ая
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Светлана Анатольевна Назаренко

Туулган датасы

17 -октябрь 1970(1970-10-17) (53 жаш)

Туулган жери

Фрунзе, СССР, Кыргыз ССРи

Өлкө

 Орусия
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы

Ырчылык үнү

меццо-сопрано

Жанрлары

рок, эстрада, поп-рок

Активдүү жылдары

1992 — азыркы учурда

Жамааты

Город 312

Балалык жана жаштык түзөтүү

Болочок ырчы Ая (чын аты Светлана Анатольевна Назаренко) 1970-жылы Кыргызстандын Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Светлананын ата-энесинин кесиби музыкага жана искусствого байланыштуу эмес, бирок үй-бүлөдөгүлөрдүн баары ырдаганды жакшы көрүшчү. 7 жашында Светлана Назаренко Чоң балдар хорунун солисти болгон. 12 жашында ал элдик чыгармачылыктын республикалык фестивалына катышууга чакыруу алат. Ал жактан аны кыргыздын эң мыкты вокал мугалимдеринин бири Рафаил Сарлыков байкап калат. Ал Светлананы өзүнүн атактуу «Аракет» ансамблине чакырат, ансамблдин репертуарынын негизин немис, испан, латын америкалык ырлар болгон, ошондой эле СССРдин ар түрдүү элдеринин чыгармалары түзгөн. Ансамбль көп гастролдоп, анын атагы өстү. «Аракет» Москвада өткөн 2-Бүткүл союздук саясий ыр фестивалынын лауреаты болот.

Кыргызстанда ансамбль элдик наамга ээ болгон. Бирок, Светлана «Аракеттен» кетип, жеке чыгармачылыкка киришет.

Карьерасынын башталышы түзөтүү

Ая - мындай сахналык ысымды Светлана өзү тандап алган - мурдагы СССРдин аймагында өткөрүлгөн ар кандай фестивалдарга жана сынактарга активдүү катышкан. “Бухара” фестивалында 2-орунга ээ болгон. Ал эми «Тянь-Шань» жана «Ялта» конкурстарында Айя жеңүүчү болот. Көп өтпөй ырчы Ялта-Москва-Транзит фестивалынын финалисти. Айя өзүнүн ийгилигин бекемдөө үчүн жеке альбомдорду жаздырат, аларды «Кайырлы түн» жана «Сынган радио» деп атайт. Алардан кийин «Кыялдын музыкасы» жана «Клубниканын даамы менен чай» CD-альбомдору жаралат. Светлана 2001-жылы Искусство институтунун эстрадалык вокал факультетин артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин Москваны багындыруу үчүн аттанат. Бирок жалгыз эмес, пикирлеш адамдардын тобу менен.

"Город 312" тобу түзөтүү

Дим жана Леон (бир туугандар Дмитрий жана Леонид Притулий) City 312 тобун түзүшөт (312 - Бишкектин телефон коду). Айя топтун солисти болуп калат. 2007-жылы Кыргызстанда Светлана Назаренкого Эмгек сиңирген

артист наамы ыйгарылган. Бир-эки жылдан кийин "Город 312" тобу Москвада белгилүү болду. Алгач Ая жана музыканттар «Радуга талантов» фестивалынын лауреаты болушат. Андан соң алар “Аймактан тышкары" жана башка хиттери менен борбор калаанын эң мыкты концерттик жайларында өнөрлөрүн тартуулашат. Топтун биринчи альбому 2005-жылы чыккан “213 жол” болгон. Анын трек тизмесинде кийинчерээк музыканттарга бүткүл россиялык атак-даңк алып келген ырлар кирген. 2006-жылдан бери "Real Records" компаниясынын директору Андрей Борисович Лукинов музыкалык топтун туруктуу продюсери болуп калат.

2015-жылы "Так ошондой" шоусунун 3-сезонуна тартылган. Ырчы сахнада Мэрайя Кэри, Ёлка, Шер, Валентина Толкунова жана башкалардын образдарын ийгиликтүү чагылдырып, финалда алдыңкы үчтүккө кирди.

2016-жылы к "Город 312" тобу 15 жылдык мааракесин жеке концерти менен белгиледи. Кеченин коноктору Рэпер Баста, Uma2rman тобу, Гоша Куценко, Владимир Пресняков жана башкалар болушту.

2018-жылы Светлана Назаренко "Дарак ыры" мюзиклинин саундтрегинкыргыз тилинде ырдап чыкты

2019-жылы "Город 312" Мамлекеттик Кремль сарайында өткөн МУЗ ТВ каналынын концертинин катышуучусу болгон.

2021-жылы “Город 312” 20 жылдыгында Светлана Назаренко видео кайрылуусунда ушул жылдар бою топтун ишине кызыккандардын баарына ыраазычылык билдирген.

Жеке жашоосу түзөтүү

Ырчынын жеке жашоосу бейтааныш адамдардан жашырылган. Светлана сүйүктүү жолдошу бар экенин, бирок анын атын айтып, мамилесин ачыкка чыгаргысы келбейт дейт. Светлана Назаренконун кызы бар. Ал апасынын

жолун жолдобой, МГИМОдо Archived 2022-02-13 at the Wayback Machine окуган.

COVID-19 пандемиясында кыргызстандыктарга жардамы түзөтүү

2020-жылдын апрель айында Кыргызстандын белгилүү инсандары өлкөнүн медицина кызматкерлерине жардам көрсөтүүнү чечишти. Бул тууралуу Азия MIX КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров Instagram баракчасына билдирди. Видеодо ошондой эле UFC чемпиону Валентина Шевченко, орусиялык ЦСКА футбол клубунун оюнчусу Ильзат Ахметов, «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко жана Asia MIX командасынын башка мүчөлөрү тартылган. Алар Кыргызстандагы медицина кызматкерлерине эң керектүү буюм түрүндө жардам бере тургандыктарын билдиришти. Бул максаттар үчүн миллион сом чогултулуп, медициналык жабдуулар: 8750 бир жолу колдонулуучу бет кап, 675 комбинезон, 221 жуп көз айнек, 63 коргоочу экран жана 25 респиратор сатылып алынган

Соло карьерасы түзөтүү

2021-жылдын башында Айя өзүнүн соло карьерасын баштаганын жарыялаган. Анын дебюттук чыгармасы "Убакыт" ыры болгон.

Дискография

«Город 312»

1992 – «Спокойная ночь»

1994 – «Сломанное радио»

1996 – «Музыка снов»

1999 – «Света-чай с ароматом клубники»

2005 – «213 дорог»

2006 – «Вне зоны доступа»

2007 – «Обернись»

2010 – «Новая музыка»

2013 – «Не теряй меня, Москва»

2015 – «Без вариантов»

Сольный проект

2021 — «Время»

Сыйлыктар түзөтүү

Светлана Назаренко Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (2007). 2016 жылы «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамын алган.

Шилтемелер түзөтүү

Ая. Светлана Назаренко//https://24smi.org/celebrity/1070-aia.html

“Город 312” топтун расмий сайты http://www.gorod312.ru/

«Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко Бишкек шаарынын ардактуу атуулу наамын алды https://www.meria.kg/ru/post/12862

"Дарак ыры" мюзиклинин саундтрегине тартылган клип —Назаренко кыргызча ырдайт https://ru.sputnik.kg/20180224/saundtrek-svetlana-nazarenko-film-1037886646.html

Туулган күнүң менен, Светлана! Ырчы Назаренко тууралуу 12 факты// https://ru.sputnik.kg/20171017/12-faktov-o-svetlane-nazarenko-1035846175.html

“Город 312” - 20 жашта. Айя баарын бул окуя менен куттуктады (видео) https://kaktus.media/doc/447673_gorody_312_20_let._aia_pozdravila_vseh_s_etim_sobytiem_video.html

Шевченко, Назаренко, Ахметов жана Азия MIX Кыргызстандык дарыгерлерге жардам көрсөтүштү https://kaktus.media/doc/410322_shevchenko_nazarenko_ahmetov_i_aziia_mix_vydelili_pomosh_kyrgyzstanskim_medikam.html

Светлана Назаренко (Ая) Социалдык тармактарда:

Facebook

Instagram