Капаров Бакыт Кокушевич 5-ноябрь, Кыргыз ССР Ош облусу Ноокат районунда туулган — улуу жана эң таанымал кыргыз композиторлорунун бири, мыкты мелодист жана вокалист, ырчы,кыргыз колориттик музыкасынын негиздөөчүсү, кыргыз профессионал музыкасына негиз салуучулардын бири.

Бакыт Капаров
Капаров Бакыт Кокушевич
Туулган датасы

5 -ноябрь 1968(1968-11-05)

Туулган жери

Ош облусу Ноокат району Кыргыз ССР

Өлгөн датасы

13 -февраль 2024(2024-02-13) (55 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек Кыргызстан

Кесиптери

композитор,ырчы, коомдук ишмер, музыкалык педагог, вокалист

Аспаптары

аккордеон, фортепиано, комуз, гитара

Жанрлары

патриоттук

Өмүр таржымалы түзөтүү

Кыргыз Республикасынын тарыхындагы улуу композитор, КР композиторлор союзунун өкүлү, 1968-жылда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Бакыт Капаров чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш кезинен баштаган. 1991-1994 Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы "вокал" бөлүмүндө билим алган. 2023-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту (КМИИ) аяктаган.

1986-1988-жылдары Советтик армиянын Ульяновск шаарында курулуш батальонунда кызмат өтөгөн.

1991-1995-жылдары мамлекеттик Филармониянын солисти

1996-1998-жылдары Бишкек медициналык окуу жайынын көркөм жетекчиси

2000-2005-жылдары социалдык жардам боюнча «Арыш» коомдук бирикмесинин жетекчиси

2008-2024-жылдары "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынын мүчөсү

2012-жылы музыка мугалими / педагог.

2024-жылдын 11-февралында кан басымы жогорулап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Натыйжасында мээге инсульт алып, комага түшкөн. Улуу композитор Бакыт Капаров 2024-жыл 13-февралда көз жумган.


Чыгармалары түзөтүү

Бакыт Капаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнинин обончу-композитору Токтобек Асаналиев - "Көчмөн ыры" (Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2015-жылга чейинки гимни ) "Тон мекеним"

Айнура Салахидинова - "Төк жамгыр"

Алтынай Нарбаева - "Дил кайрык"

Ала-Тоо таңшыйт: Бакыт Капаровдун обондуу ырлары

"Ата эне" - Умут Тилегенова

Мээрим Карыпова - "Улут барбы Кыргыздай"

Жазы бол бактылуунун жана башка чыгармалары эл арасына кеңири тарап, мыкты обончу-композитор катары таанылган. Расмий түрдө анын 73 эмгеги бар, алардын 10дон ашыгы Кыргыз Республикасынын алтын фондуна киргизилген

Тил билүүсү түзөтүү

Бакыт Капаров кыргыз, oрус, казак, өзбек, италян тилдеринде кеңири баарлаша билген инсан болгон.