Барскоон капчыгайы

Барскон капчыгайы‎»‎ барагынан багытталды)

Барскоон капчыгайыТескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы ири капчыгайлардын бири. Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чейин 60 км аралыкка созулуп жатат. Деңиз деңгээлинен 1608– 3500 м бийикте. Капчыгай протерозой жана палеозойдун кристаллдык тектеринен (гранит, сланец, гранит-диорит ж.б. антропогендик чөкмө тектеринен, төмөнкү бөлүгү болсо, көл жээгиндеги аллювий-пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Капталдары тик (60-70° чейин) жана бийик (2 кмге чейин); таманы төр жагында кууш (150-300 м).

Барскоон капчыгайы.
Барскон шаркыратмасы.

Генезистик тиби боюнча көп бөлүгү кууш эрозиялык капчыгай, жогорку жагы төр тибинде. Капчыгай неогендин акырында (плиоцендин 2-жарымы) жана антропoгенде (плейстоценде) пайда болгон. Рельефи боюнча 3 бөлүктөн турат. Жогорку бөлүгү бийик тоолуу аймакка туура келет, байыркы жана азыркы мөңгүлөр өөрчүгөн, төр, тепши сымал өрөөндөр, аска, төө карын(морена) жана башка морфоскульптуралар мүнөздүү; ортоңку бөлүгү орто бийиктиктеги жана жапыз тоолор зонасында; эрозий-денудациялык морфоскульптуралар(негизинен 1 кмге чейин терең капчыгайлар); куюлма шагылдар ж.б. мүнөздүү; кооз шаркыратмалар бар; төмөнкү бөлүгү көл жээгиндеги түздүккө туура келет (капчыгайдын оозунан көлгө чейин ); aллювий, пролювий шиленди конусу ээлейт; дарыя нугунун түбү жайык (500–600 мге чейин); капталдары тик. Капчыгай аркылуу Барскоон суусу агып өтөт. Климаты мелүүн континенттик; кышы суук, жайы салкын, январдын орточо темпеоатурасы - 5 - 8°С, июль айыныкы +12 - 17°С. Жылдык жаан чачыны 350 – 600 мм. Капчыгайда жалпы аянты 0,48 чарчы кмге жеткен чакан көлдөр бар. Көл жээгиндеги түздүккө кургак талаа, тоо этегине шалбаалуу талаа, орто бийиктиктеги тоолорго карагай-бадалдуу токой, бийик тоолуу бөлүгүнө субальп, альп шалбаасы жана бийик тоолуу тундра ландшафттары мүнөздүү. Токой чарбасы, жайлоо-кыштоолору бар. Ал жайкы жана кышкы жайыт үчүн пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Жогорку-Нарын, Ак-Шыйрак сырттарына жана Кумтөргө баруучу автoмобиль жолу өтөт. Аймакта туризм спорту жакшы өнүккөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү