Бек Борбиев

Кыргызстандык ырчы, обончу

Бек Борбиев (т.ж 24-сентябрь 1969, Торкен, Токтогул району, Жалал-Абад облусу, СССР) - обончу, эстрада ырчысы.

Бек Борбиев
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Борбиев Берадар Сманович

Толук ысымы

Борбиев Бек Сманович

Туулган датасы

24 -сентябрь 1969(1969-09-24) (54 жаш)

Туулган жери

Токтогул шаарчасы , СССР

Өлкө

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актёр, обончу, ырлардын автору

Аспаптары

Аккордеон

Жанрлары

поп

Активдүү жылдары

1986 — азыркы учурда

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2008), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021).

Эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө зор салым кошкон ырчы, обончу.

Өмүр баяны түзөтүү

Бек Борбиев 1969-жылы 24-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулуп, Торкен айылында чоңойгон.

Билими: түзөтүү

  • 1991-жылы — политехникалык институттун инженер жол куруучу бөлүмүн аяктаган;
  • 1999-жылы — искусство жана маданият институтунун уюштуруучу-менеджер факультетин аяктаган;
  • 2001-жылы — Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитектура университетинен бажы кызматкери адистиги боюнча билим алган;

Иш тажрыйбасы: түзөтүү

  • 2002-2010 — бажы кызматкери.
  • 2010-2012 — Интеллектуалдук менчик боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчи орун басары.

Чыгармачылыгы: түзөтүү

Ырчы 1990-жылдары "Тазасы барбы?", "Делбирим", "Замандаш", "Шерине" жана башка ырлары менен эл оозуна алынган. Учурда ырларынын саны 500гө чамалайт.

2011-жылы өзү продюсерлик кылган "Мен сүйгөн карагат" тасмасына тартылган.

Авидографиясы түзөтүү

“Ыр десте”, “Досторго”, “Балдыз”, “Кытайлык кыргыз кызына”, “Махабат”, “Жомок”, “Казак кыз”, “Чабалекей”, “Делбирим”, “Эркинай”, “Жаңы жыл”, “Пери”

Тасмаграфиясы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

Республикалык Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси;

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5