Бешик той – наристени кундактан чыгарып, 1-жолу бешикке салар күнү айылдагыларды, туугандарды чакырып берилген тамак. Көбүнчө байбичелер, аялдар чакырылат. Бешик тойго чакырылгандардын ар кимиси өз алыш-бериштерине жараша, баланы бешикке бөлөөгө керектелчү нерселерди (мамык олпок, саймалуу жаздык, асемделген боортко, түрдүү ороочтор ж.б.), баалуу буюмдарды, мал алпарышат. Сый ортологондо бешикти сакалдуулап жасап, шимеги, чулгоолору жылытылат. Алардын бардыгы арча түтөтүү менен аласталып, бешиктин алкак, буттарын, туткасын майлап наристени бешикке бөлөшөт. Чогулгандар тамактарын ичип, жакшы каалоо, баталарын берип тарашат.


Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.