Булгачы уруулук бирикмеси
Булгачы уруулук бирикмеси, Ичкилик уруулар тобу – кыргыздардын ичкилик уруулук бирикмесинин алгачкы мезгилде аталышы. Кыргыз уруулары жалпысынан Оң канат, Сол канат жана Ичкилик уруулар тобуна бөлүнөт. «Ичкилик» термини уруулук бирикменин аталышы катары бизге 18-кылымдын экинчи жарымынан тарта гана белгилүү жана андан кийинки мезгилдерде дайыма колдонулуп келген. Ал эми бул уруу бирикмесине кирген уруулар бизге жеткен айрым жазма булактарда (18–19-кылым) «булагачы», «булгачы» деген жалпылама ат менен аталат. Ушуга байланыштуу кийинки мезгилде «ичкилик» деген термин менен аталган уруулар тобу, алгач «булагачы» «булгачы» деп аталып келгендиги байкалат. Кыргыз урууларынын курамынан кабар берген 16-кылымдагы Аксикентинин «Мажму ат-Таварих» чыгармасында кыргыз уруулары Оң канат, Сол канат уруулар тобу деген эки гана топко бөлүнөт. Оң канат урууларынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ак уулдун, Отуз огул жана Салус-бек Булгачи (Булагачи) деген эки уулу болуп, Отуз огулга азыркы Оң канат уруулары, ал эми Салус-бек Булгачыга: Бостон, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Кыдыршаа, Каңды уруулары таандык болуп көрсөтүлөт. «Мажму ат-Таварихтеги» бул алты уруунун бардыгы тең-кийинки мезгилде «ичкилик» деп аталган уруулук бирикмеге кирген уруулар. Булгачы уруулук бирикмесинин жаралуу теги жөнүндөгү маселе боюнча, изилдөөчүлөрдүн арасында ар кыл көз караштар бар. К.И.Петровдун пикиринде ичкилик тобун түзгөн уруулардын «уюткусу» 13-кылымда Енисей боюндагы Баргужин Токум аймагында жашаган Моңгол тилдүү Булагачин жана Кэрэмучин уруулары менен этногенетикалык байланышта турган. Тагыраак айтканда, булгачы урууларынын өзөктүк уруулары булагачин жана Кэрэмучин урууларынан куралган деген ойду билдирет. Бул көз карашты этнограф С.М.Абрамзон кескин сынга алып, «булгачы» (булганч, булганчы) ысмы түрк тилинин негизинде келип чыккан деп болжолдойт. 13-кылымда Түштүк Сибирь аймагында кездешкен Булгачын аталышына окшош термин менен аталган уруулар 14-кылымда Чыгыш Теңир-Тоо аймагында кездешет. Аксак Темирдин аскерлери 14-кылымдын аягында Чыгыш Теңир-Тоого уюштурган жортуулдарынын биринде булгачы жана салучи уруулары менен согушкандыгын Низамуддин Жами өз эмгегинде эскерет. Мындагы салучи аталышынын алгачкы тамгасы араб ариби «с» менен «к» окшошуп калышынан пайда болгондугу байкалат. Моголстандагы булгачы жана калучи урууларынын көп бөлүгү 15-кылымдын орто ченинде өлкөдөгү саясий башаламандыктардан улам Дашт-и Кыпчактагы Абулкайыр-ханга жер которуп көчкөндүгүн Хайдар Мырза баяндаган. Ушул маалыматка таянган С.М.Абрамзон 15-кылымдын ортосунан кийин Теңир-Тоо чөлкөмүндө булгачы уруулары калган эмес деген калпыс пикирди тутунган. Чындыгында бул уруу толугу менен Теңир-Тоодон кеткен эмес. Алардын айрым бөлүктөрү өз мекенинде калган жана алар ошол мезгилде Моголстанга көчүп киришкен кыргыз уруулары менен этникалык алакаларда тургандыгына, кыргыздардын Булгачы уруулук бирикмесинин аталышы далил болот. Кыргыздардын Ичкилик уруулук бирикмесинин эң алгачкы курамын Булгачы жана Калучи урууларына таандык этностук топтор негиздесе керек. Бирок аларга кийинки мезгилдерде акырындык менен тектеш уруулардын чачкын калдыктарынан турган этностук элементтер кошулуп отуруп, кыргыз элинин уруулук курамына сиңип кеткендиги байкалат. Мисалы, 16-кылымда булгачы тобуна алты гана уруу кирсе, 19-кылымдын аягында алардын саны эки эсеге көбөйгөн. Булгачы уруулук бирикмесинин «ичкилик» деген терминге алмашылышы, кыргыздардын азыркы мекенине жайгашуусу менен байланышта болгон. Борбордук Теңир-Тоону мекендеген кыргыздар географиялык-аймактык белгилери боюнча бөлүнө баштагандыгын 18-кылымдагы кытай жазмалары маалымдашат. Түштүк Кыргызстанды жердеген булгачы урууларын Ичкилик уруулар деп атоо бул географиялык орун алуу белгиси боюнча түштүктүк уруулар деген мааниге ээ болгон. Себеби кыргыз урууларынын түштүк аймактары булгачы урууларына таандык болгон. «Ичкилик» термини «түштүктүк» сөзүнүн синоними, башкача айтканда ичкилик түштүктүк, аркалык түндүктүк дегенди түшүндүрөт. Ушул себептерден улам, мурдагы «булгачы» термини мезгилдин өтүшү менен «ичкилик» урууларына алмашып кеткен. Бирок «булгачы» элдин эсинен өчкөн эмес. Айрым санжырачылар бул терминди эскеришкендигин С.М.Абрамзон өзүнүн иликтөөлөрүндө белгилеген. Мындан тышкары Ичкилик уруу бирикмесине кирген уруулардын ички уруктук аталыштарында бул термин сакталып калган. Мисалы, найман уруусунда булгачы-найман уругу бар.
Уруулар
түзөтүүБулгачы уруулук бирикмесинин уруулары:
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
- Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.