Вакуленков, Валерий
Вакуленков, Валерий (1945-ж. т., Сокулук району) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1990), профессор (1993). 1971-ж. Ленинград унверситетинин филология факультетин бүтүргөн. Эки жүздөн ашык илимий эмгектердин жана рецензиялардын автору. “Утверждение социалистического гуманизма в русской литературе 20-х годов”, “Детская литература Киргизии”, “Современное и вечное” жана башка китептери бар. К. Баялинов, К. Акиев, С. Сасыкбаев, М. Гапаров, К. Жапаров, К. Сапарбаев, К. Осмоналиев, З. Сооронбаева, Д. Сулайманов, Ж. Алымкулов жана башка чыгармаларын орусчага которгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004