Валентина Азарова

Орусиялык спортчу жана мурдагы порноактриса

Валентина Азарова о. э Валентина Мирон (орус. Валентина Вячеславовна Азарова ; 2-октябрь, 1991, Санкт-Петербург, Орусия[1]) — Орусиялык фитнес, бодибилдинг ошондой эле жиу-житсу боюнча спортчу жана мурдагы порноактриса. IBJJF 2017 Жиу-жицу боюнча Европа чемпиону (No Gi). Кызгылт көк кур ээси[2][3].

Валентина Азарова
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Валентина Вячеславовна Азарова

Жарандыгы

 Орусия

Чеберчилиги

бодибилдинг и Жиу-жицу

Клубу

Senna Fight Academy

Төрөлгөн датасы

2 -октябрь 1991(1991-10-02) (32 жаш)

Төрөлгөн жери

Санкт-Петербург, Орусия

Спорттук карьерасы

2015 - азыркы учурда

машыктыруучу

Матеус Сенна

Бою

158 см

Valentina Azarova

Өмүр баяны түзөтүү

1991-жылы 2-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында төрөлгөн.

2011-жылы порно тармагындагы карьерасын "Меган Вейл" (англ. Megan Vale) - деген ысым менен баштаган, бирок ал көбүнчө "Люпе Бернетт" (англ. Lupe Burnett) - деген каймана ысымы менен тартылган[4] [5] [6] . New Sensations, Digital Sin, Evil Angel, Juicy Entertainment, Sunset Media, Platinum Media студияларында иштеген. Ал Санкт-Петербургдагы бир катар түнкү клубдарда бийчи болуп да иштеген.

П.Ф.Лесгафт атындагы Улуттук мамлекеттик дене тарбия, спорт жана ден соолук университетин бүтүргөн (бакалавр) [7] . 2015-жылдан бери спортко аралашкан. Ал Матеус Сенна менен машыгат, биринчи машыктыруучусу Юрий Виноградов. Гавайилик популярдуу Кинан Корнелиус менен иштешүүнү кыялданат [8] . Машыктыруучулук иш менен да алектенет [7] .

2017-жылы Биринчи каналдагы орусиялык ниндзялар программасына катышкан [9] .

Жеке жашоосу түзөтүү

Ал турмуш куруп, бирок нике ажырашуу менен аяктаган.

Негизги жетишкендиктери түзөтүү

  •   Финляндиянын ачык чемпионаты 2016 (No-Gi)
  •   UAJJF Russia National Pro 2016 (Gi)
  •   Орусиянын жиу-жицу боюнча чемпиондугу 2016
  •   Орусиянын жиу-жицу боюнча чемпиондугу (Gi) 2016[10]
  •   Орусиянын жиу-жицу боюнча кубогу (не-ваза) 2017[10]
  •   Open Rome Jiu-Jitsu IBJJF (Gi) 2017
  •   Жиу-жицу боюнча Европа чемпиондугу (No-Gi) 2017[11]
  •   FBJJF Финляндиянын ачык чемпиондугу (Gi) 2017
  •   UAJJF Russia National Pro 2017(Gi)
  •   Орусиянын жиу-жицу боюнча кубогу (Power Open Fight) 2017
  •   Финляндиянын ачык чемпиондугу 2017 (No-Gi)

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Список спортсменов групп ССМ, ВСМ государственного бюджетного учреждения спортивной школы олимпийского резерва № 1 Фрунзенского района Санкт-Петербурга. Текшерилген күнү 7 -май (бугу) 2022. Түп булактан архивделген күнү 25 -июнь (кулжа) 2021.
  2. Валентина Азарова. ГКНН. Текшерилген күнү 30 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 12 -май (бугу) 2021.
  3. Валентина Мирон — Senna Fight Academy. Текшерилген күнү 30 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 12 -май (бугу) 2021.
  4. Профиль на сайте Internet Adult Film Database
  5. ММА и порно: звёзды смешанных единоборств, которые начали порнокарьеру
  6. Интервью порталу BJJ Mania
  7. 7.0 7.1 Валентина Мирон — Senna Fight Academy. Текшерилген күнү 30 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 12 -май (бугу) 2021.
  8. Валентина Мирон: первая тренировка по БЖЖ была просто «космос». Текшерилген күнү 30 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 12 -май (бугу) 2021.
  9. Валентина Мирон. Отборочный тур. Русский ниндзя.
  10. 10.0 10.1 СШОР № 1. Отделение джиу-джитсу
  11. Results. IBJJF 2017

Шилтемелер түзөтүү