ГаллааралӨзбекстандын Жызак облусунда жайгашкан шаар[1] жана Галлаарал районунун борбору. Шаар 1973-жылы шаар статусун алган. Райондун борборунан (Жызак шаары[2]) 30 км батыш тарапта жайгашкан. Ташкент — Самарканд темир жолу жана Чоң Өзбекстан трактынын жээгинде орун алган. Калкы 23 000 киши (2005). Пахта тазалоочу, кирпич, айыл чарба машиналарын ремонттоо, сут комбинаттары, бакма канаттуулар фабрикасы, курулуш уюмдары, автозавод, дыйкан базары, соода, маданий-тиричилик жактан тейлөө пункттары бар. Чакан жана орто бизнес ишканалары, микрофирмалар, биргелешкен ишканалар иш алып барат.

Шаар
Галлаарал
Өлкө Өзбекстан
Облус Жызак облусу
Координаттар 40°01′17″ с. ш. 67°35′51″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы Милютинская
Убакыт аралыгы UTC+5
Калкы
Расмий тили Өзбек
Калкы 23 000 адам (2005)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +998 72
Почта индекси 130400
Почта индекстери 130420, 130411, 130412, 130413, 130414, 130415, 130416, 130417
Галлаарал (Өзбекстан)

Билим жана маданият

түзөтүү

Анда жалпы билим берүү, балдар музыкалык мектептери, кесиптик колледждер, райондук борбордук китепкана, маданият үйү, клубдук мекемелер, мемориалдык парк жайгашкан. Стадион, спорт залдар, спорттук аянтчалар жана башка спорттук жайлар бар. Райондук борбордук оорукана, поликлиника, төрөт үйү, аптека жана башка медициналык мекемелер калкты тейлөөдө. Галлааралдан Ташкентке, Самаркандга, Жызакка жана башка шаарларга автобустар жана маршруттук таксилер каттайт. Шаар аркылуу Ташкент — Самарканд электропоезди өтөт.

Дагы караңыз

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. https://uz.wikipedia.org/wiki/Jizzax_viloyati
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 20 -июль (теке) 2024.