Гендердик теңсиздик

Гендердик теңсиздик — Бул эркектер менен аялдарга бирдей мамиле кылынбаган социалдык түзүлүштүн мүнөздөмөсү. Гендердик теңсиздик коомдо өкүм сүргөн биологиялык, психологиялык же маданий нормалардагы айырмачылыктардан улам пайда болушу мүмкүн. Бул айырмачылыктардын айрымдары эмприкалык негизде болсо, башкалары социалдык конструкция катары каралат.

Өлкөлөр боюнча гендердик теңсиздиктин индекси (жашыл — теңсиздик төмөн, кызыл — бийик)

Аялдар жана эркектердин билим берүү, жашоо узактыгы, жеке сапаттар, кызыкчылыктар жана саясий көз караштар сыяктуу көптөгөн тармактарда ар башка тажрыйбаларга ээ болгонун көрсөтөт. Гендердик теңсиздик ар кайсы маданияттарда ар түрдүү болуп, ошондой эле гендердик бинардык системадан тышкары адамдарга да таасирин тийгизет

Жыныстык ар түрдүүлүкОңдоо

БиологиялыкОңдоо

Биологиялык жана анатомиялык факторлордун негизинде жыныстар арасында репродиктивдик ролдордогу табигый айырмачылыктар бар. Биологиялык айырмачылыктар хромосомалык жана гормоналдык айырмачылыктарды өз ичине камтыйт. Орточо эсеп менен эркектердин бою узунураак болот жана жыныстардын салыштырмалуу физикалык күчүндө (орто эсеп менен) дагы табигый айырмачылыктар бар. Бирок бул ар бир эркек ар бир аялдан күчтүрөөк болгондугун билдирбейт.[1] Орто эсеп менен алганда аялдар эркектерге караганда узагыраак жашашат, бирок мунун канчалык деңгээлде биологиялык факторго байланыштуу экени белгисиз. Эркектерде өпкөнүн көлөмү чоңураак жана айлануучу кан клеткалары, кандын уюу факторлору көбүрөөк айланат.  Ал эми аяларда лейкоциттер көбүрөөк айланат жана антителолор тезирээк пайда болот.  Мындай айырмачылыктар сексуалдык специализацияга мүмкүндүк берүүчү адаптация деп болжолдонууда.

ПсихологиялыкОңдоо

 
Эркек жана кыз балдарга тандалган оюнчуктар гендердик стереотиптерди калыптандырат.

Жалпы интеллект боюнча эркектер менен аялдардын ортосунда  кичинекей айырмачылыктар бар. Мисалы, орточо эсеп менен эркектер аялдарга караганда тобокелчиликке көбүрөөк барышат жана агрессивдүүрөөк болушат. Бул пренаталдык мезгилде жана балким, учурдагы андрогенден таасирленген өзгөчөлүк. Бул айырмачылыктар физикалык айырмачылыктар менен айкалышып, эмгектин жыныстык бөлүнүшүнө түрткү болгону айтылат.[2]

Эркек менен аял төрөлгөндөн баштап ар түрдүү  социалдашышат жана өмүр бою ар кандай шарттарга туш болушат. Коомдун таасиринен улам гендер жашоонун көптөгөн негизги мүнөздөмөлөрүнө таасир этет. Кыз жана эркек балдар гендердик ролдун стереотиптеринин таасиринен улам өздөрү тандаганга мүмкүнчүлүгү болгонго чейин  ар кайсы жолдорго түшүшөт. Мисалы, көк түс адатта эркек балдар менен байланыштуу жана аларга көбүнчө робот же унаалар сыяктуу салттуу эркектин ролдору менен байланышкан оюнчуктар берилет. Ал эми кыздар кызгылт түс менен байланышкан жана аларга куурчак, идиш аяк сыяктуу салттуу аял ролдору менен байланышкан оюнчуктар тартууланат. Баланын жашоосундагы ата-энелердин жана башка чоң кишилердин таасири анын бул ролдорго ылайыкташуусуна түрткү берет. Бул дагы жеке калыптанууга, карьерага жана мамилелерге таасирин тийгизбей койбойт.

Билим берүүдөгү гендердик теңсиздикОңдоо

Жагдайга жараша билим берүүдөгү гендердик теңсиздик ар кандай формада болушу мүмкүн. Дүйнө боюнча эркектерге караганда аялдардын билим алуудагы абалы начарыраак, бирок кээ бир региондордо эркек балдардын абалы начарыраак. Аялдар билим алуу, окуу жайды бүтүрүү жана аны жашоосунда ийгиликтүү колдонуу укугун ишке ашырууда көптөгөн тоскоолдуктарга дуушар болушат. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө  билим берүүдөгү гендердик теңсиздик негизинен жакырчылык, географиялык обочолонуу, азчылык статусу, майыптык, эрте никеге туруу,  кош бойлуулук жана гендердик зомбулук  менен аныкталат.[3] Бүгүнкү күндө - 16 миллион кыз эч качан класска бут баспайт - жана негизги сабаттуулук көндүмдөрү жок 750 миллион чоң кишилердин үчтөн экисин аялдар түзөт.[4]

Эрте никеге туруу менен мектептен баш тартуунун ортосунда  байланыш бар, 18 жашка чейин турмушка чыккан кыздарда теңтуштарына салыштырмалуу толук билим алуу мүмкүнчүлугү азыраак.Кыргызстанда кыздардын 12,2%ы бойго жете электе турмушка чыгат. Айыл жеринде 18 жашка чейинки никеге туруу шаарга караганда бир жарым эсе көп болот.[5] Эксперттер ошондой эле кыздардын мектепти таштап кетүүсүнүн себептеринин бири түштүктөгү айыл чарбасынын салттуу тармактарында (тамеки өстүрүү жана кайра иштетүү) аялдардын эмгегинин жогору «баалуулугу» экенин белгилешет. Мал чарбачылыгына багыт алган түндүк райондордо эркектин эмгегинин көбүрөөк салымы талап кылынат.[6]

Мугалимдердин окуучуларга болгон  кабылдоосу алардын сабактан алган баасына жана келечекте тандай турган кесибине да таасир этиши мүмкүн. Изилдөөлөр боюнча, мугалимдер математикалык тесттери бирдей болгон окуучулардын математикалык жөндөмдүүлүгүн баалаганда көп учурда эркек окуучулардын жөндөмдүүрөк болгонун ырасташкан.[7] Мындай бир жактуулуктун натыйжасында кыздардын математикадан көңүлү чөгүп, жакшы көрсөткүчтөргө ээ боло турган чөйрөлөргөө умтула башташат.

 
Жынысы боюнча маалымат жана коммуникация технология сферасында карьера күтүүлөрү (PISA 2015)

Ошол эле убакта 60тан ашык өлкөдө билим берүү тармагындагы гендер боюнча OECD отчетунда кыздар бирдей жөндөмдүүлүктөгү балдарга салыштырмалуу жогорку балл алаарын көрсөттү.[8] Окумуштуулар кыздар класста өзүн жакшы алып жүрүшөт жана бул мугалимдердин аларды кабылдоосуна таасир этет деп эсептешет.

Ата-энелер уулдарынан кыздарына караганда STEM карьерасында иштешин күтүшөт, алар ошол эле жөндөмүн көрсөтүшөт. Чилидеги, Венгриядагы жана Португалиядагы ата-энелердин 50% га жакыны уулдарынын STEM тармагында иштешин күтүшөт, бирок 20%дан азы кыздарынан да ушундай күтүшөт. Кореяда айырма болгону 7 пайызды түзөт.[9]

2016-жылы Улуу Британиянын Улуттук статистика бюросунун сурамжылоосу көрсөткөндөй, саламаттыкты сактоо тармагында ролдордун 56%ы аялдарга таандык, ал эми окутууда 68%. Депутаттардын 30%, ал эми каржы жана инвестиция тандоочуларынын 32%ын аялдар ээлейт. Табигый жана коомдук илимдин тармагында кызматкерлердин 43%ын  жана экология тармагында 42%ын аялдар түзөт.[10]

Салматтыкты сактоодогу гендердик  теңсиздикОңдоо

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүусүнө ылайык, Саламаттыкты сактоо уюмунун системасындагы гендердик теңсиздик негизги көйгөй бойдон калууда. Ооруканаларда, поликлиникаларда жана  фельдшердик-акушердик пункттарда иштегендердин 70%ын аялдар түзөт. Бирок, ошол эле учурда алар  бул жаатта жетекчилик кызматтын 25%ын гана ээлейт. Жетекчилик кызматтардагы мындай гендердик дисбаланс стереотиптерден, дискриминациядан жана теңсиздиктен келип чыккан деп эсептелет. Көбүнчө, “эркек” жана “аял” ролдорунун маданий энбелгилери  аялдардын лидерлик деңгээлине көтөрүлүүсүнө тоскоол болот.[11]

Аял медицина кызматкерлери да гендердик эмгек акыдагы ажырымга туш болушат, бул башка секторлорго караганда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо секторунда орточо 25%дан  жогору. Медициналык аял кызматкерлер төмөн позицияны ээлейт жана аз акы төлөнүүчү жумуштарды аткарышат.

Аял медицина кызматкерлери  көбүнчө бейкалыс мамилеге, дискриминацияга, ошондой эле сексуалдык асылууга дуушар болушат. Бул алардын карьерасына таасирин тийгизип, көп стресске жана моралдык жактан төмөн болушуна алып келиши мүмкүн. Көптөгөн өлкөлөрдө жумушта гендердик теңчилик үчүн негиз болгон мыйзамдар жана социалдык коргоо системалары жок, анын үстүнө эркек медицина кызматкерлери аялдарга караганда өз укуктарын коргогон кесиптик бирикмелерде көбүрөөк уюшулат.

Дүйнөлүк диндердеги  гендердик теңсиздикОңдоо

Диндеги гендердик айырмачылыктарды ички жана тышкы деп бөлүүгө болот.  Ички диний маселелер тигил же бул диндин көз карашы тарабынан изилденип, ошондой эле эркектер менен аялдардын башкаруудагы, билим берүүдөгү, сыйынуудагы ролдору жана укуктары жөнүндө диний ишенимдерди, практикаларды камтышы мүмкүн. Ал эми тышкы диний маселелерди жалпысынан тигил же бул динди бөтөн адамдын көз карашы менен аныктаса болот.    

Христиан доктринасына ылайык, аял күйөөсүнө баш ийиши керек:

Аялдар, күйөөлөрүңөргө Кудайга баш ийгендей баш ийгиле, анткени Иса Чиркөонүн башчысы … болгондой эле, күйөө аялдын башчысы. — Еф. 5:22–25

Исламдын ыйык китеби болгон Куранда аял менен эркектин тең рухий жактан тең экендигин көрсөтөт. Куранда мындай дейт:

«Эркек болобу, аял болобу, жакшылык кылгандар жана ыйман келтиргендер бейишке киришет жана эч качан зулумдук кылынышпайт. – Куран: 4:124

Бирок ошол эле убакытта, исламдык Консерваторлор Куранда: «Эркектердин аялдардын үстүнөн бийлиги бар, анткени Аллах бирин экинчисинен жогору койгонбу? жана байлыктарын сактап калуу үчүн сарпташканы үчүн» айтылат деп, аялдардын укуктары үчүн күрөштө зыяндуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон аргументтер жана чечимдер менен чыгышат.

Постиндустриалдык коомдордо диний нормалардын жана баалуулуктардын  алсыздап баратканы байкалат. Бирок ошол эле учурда аялдарга болгон мамиле алардын кайсы диний жамааттарга жана конфессияларга киргенине жараша өзгөрүп турат.

 
Дина Али Ласлумдун[en] акыркы белгилүү сүрөтү (солдо), 2017-жылдын 10-апрелинде, Саудиянын камкордук мыйзамдарынан качууга аракет кылган 24 жаштагы саудиялык аял.

Диндердин баарында консервативдик жана фундаменталисттик кз караштар бар, бирок заманбап дүйнөдө алардын таасири мыйзам менен чектелген. Кээ бир мусулман өлкөлөрүндө гана аялдарга белгилүү бир укуктарды колдонууга мыйзамдуу түрдө чектөө коюлган.[12] Сауди Арабияда 2017-жылы гана аялдарга камкорчусунун макулдугусуз билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу мамлекеттик кызматтарды алууга жана унаа айдоого уруксат берилген. 2021-жылдын июнь айында Сауд Арабиясы аялдарга камкорчу эркектин уруксатысыз жалгыз жашоого уруксат бере баштаган.[13]

Гендердин динге тийгизген таасирин дүйнө жүзү боюнча изилдөөлөр аялдардын эркектерге караганда динге көбүрөөк ишенээрин, бирок христиандар үчүн гендердик ажырым мусулмандарга караганда көбүрөөк экенин көрсөттү. Динге берилгендиктин негизги көрсөткүчтөрү боюнча, мусулман эркектер менен аялдардын диндүүлүк деңгээли христиан эркектерине жана аялдарына караганда көбүрөөк окшош. Мисалы, мусулмандардын намаз адаттары боюнча маалымат чогултулган 40 өлкөдө мусулман аялдар күн сайын мусулман эркектерге караганда орточо 2 пайыздык гана айырма менен көбүрөөк намаз окуй турганын билдиришкен.[14]

Тарыхтагы эң таасирдүү диний лидерлер – алардын ичинде Ыбрайым, Муса, Ыйса, Мухаммад, Сиддхарта Гаутама (Будда) – эркектер. Көптөгөн диндер эркектерге гана дин кызматчы болууга уруксат беришет. Кээ бир конфессиялар бул чектөөнү акыркы жылжарда алып жатышат, мисалы Америка Кошмо Штаттарындагы көптөгөн ири диний конфессиялар аялдарга чиркөөлөргө жана синагогаларга пасторлук кылууга уруксат беришти жана 2012-жылы америкалык жыйналыштардын 11% аялдар жетектеген.[15]

Исламдагы төрт мазхабдын аалымдары аялдар лидер боло албайт деген консенсуска келишкен. Кээ бир аалымдар аялдар деле лидердик позицияларды ээлей алат дегени менен, саясатта андай болушу мүмкүн эмес дешкен.[16]

Жумуштагы гендердик теңсиздикОңдоо

Иш жеринде гендердик теңсиздик ар кандай формарда болуп келатат -  алган маяна же кирешедеги адилетсиздик, карьералык өсүү мүмкүнчүлүгүндөгү диспропорциялар жана иш жериндеги сексуалдык ыдык көрсөтүү.

Кирешедеги гендердик ажырымдын негизги себеби аялдардын көбү аз маяна алган жумуштарда, ал эми эркектердин жогорку маяналуу жумушта иштегени болуп эсепелет.[17] Мисалы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында аялдар басымдуулук кылган кесиптик топтор, ал эми архитектура жана инженерияда эркектер басымдуулук кылган кесип тобу. Билим берүү кесиптери инженердик кесиптерге караганда бир топ төмөн орточо айлык акыга ээ, бул эркектер менен аялдардын орточо эмгек акысындагы чоң айырмачылыктарды түшүндүрөт.[18]

Аялдар адатта эркектер үстөмдүк кылган профессионалдык жана башкаруучулук кызматтарда көбүрөөк маяна төлөнүүчү жумуштарда өздөрүнүн катышуусун көбөйтсө да, жалпысынан аялдар жумушчу күчүнүн үлүшүнө салыштырмалуу азыраак маяна төлөнүүчү кесиптерде ашыкча көрсөтүлүшүн улантууда. Бул эмгек акыдагы гендердик айырмачылыктарга салым кошуп келатат.[19]

Кесиптик сегрегацияга гендердик стереотиптер таасир этиши мүмкүн. Мисал катары, аялдар көбүнчө камкор же математикадан начар деп кабылданышат. Мындай кабылдоолор кыздарды ишенимсиздикке алып келет дагы кыздар математика боюнча азыраак упай ала башташат, бул акыр аягында алардын STEM мансапка умтулуусунан тоскоол болушу мүмкүн. Ошо сыяктуу эле, кыздар үй-бүлөдө же коомчулукта балдарга же карыларга кам көрүү үмүтүнө көбүрөөк кабылышат. Акыр-аягы, бул чөйрөлөрдө жаштайынан алган көндүмдөрү аларды саламаттыкты сактоо жана билим берүү кызматкерлери сыяктуу кызматка багытталган карьерага түртүшү мүмкүн.[20]

Статистикалык дискриминация жумуш берүучүлөрдүн аялдарга белгилүу бир кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартуу ыктымалдуулугун көрсөтөт. Мисалы, аялдар күйөөгө чыкканда же кош бойлуу болгон кезде жумушун  таштап коюшат. Анын ордуна аялдарга кыймылды аз талап кылган жумуштар берилет.

Айнек шыпОңдоо

Аялдардын карьерасына тоскоолдук кылат деп белгиленгенн айнек шып - адамдын социалдык же карьералык тепкичтен көтөрүлүүсүнө тоскоолдукту билдирген метафора - 1991 жылдан бери  “Айнек шып отчёту” чыккандан расмий түрдө кабыл алынды.[21] Бул термин биринчи жолу 31 жаштагы Мэрилин Лоден иштеген аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча конференцияда айтты. Айнек шып аялдардын заманбап дүйнөдө өлкөлөрдүн бардыгында дагы эле каршышашып келген койгөй,теориялык жактан алганда, эч кандай дискриминациялык мыйзамдар же ачык тыюу салуулар болбосо деле бул көрүнбөгөн тосмодон өтүү кыйын.[22]

Айнек шыптын пайда болушунун негизги себеби туруктуу коомдук стереотиптер болуп саналат деп эсептелет. Алар кылымдар бою патриархалдык коомдо жашап келишкен дагы дүйнө кескин өзгөргөндө, анын артынан өзгөрүүгө жете алышпайт.[23]

Сексуалдык асылууларОңдоо

Сексуалдык асылуу - бул жыныстык дискриминациянын олуттуу көрүнүшү жана адам укуктарынын бузулушу. Эл аралык эмгек уюмунун Эксперттер комитети “сексуалдык асылуу кызматкерлердин абийирине, кадыр-баркына жана жыргалчылыгына шек туудуруу менен жумуштагы теңчиликке доо кетирет” деп белгилеген.[24]

Сексуалдык асылуу аялдардын эркектерге караганда азыраак киреше алышына себеп болушу мүмкүн. Мисалы, сексуалдык асылуу көбүнчө гендердик бийликтин тең эмес мамилелерине негизделгенин эске алсак, айлык акысы кардарлардан көз каранды болгон жумаштарда сексуалдык асылуусуна чыдабаган аял азыраак маяна алышы мүмкүн. Кээде асылуулар аялдарды жумуш убактысын кыскартууга же жумуштан кетүүгө түртөт. Жумушта калган жабырлануучулар үчүн сексуалдык асылуу аларды жогорку деңгээлдеги кызматтарга тоскоол кылышы мүмкүн.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жогорку окуу жайларда жана жумуш орундарында сексуалдык асылууга кабылганын билдирди. Изилдөө көрсөткөндөй, асылгууа кабылган учурлардын 80% мамлекеттик мекемелерде болот.[25] Учурда аялдарды жумуш ордунда кордоодон коргоонун эффективдүү механизмдери жок. 2021-жылы Жогорку Кеңештин аял депутаттары кызматкердин жеке кол тийбестигине болгон укугун коргоо, ошондой эле эмгек мамилелери чөйрөсүндө кызматкерди сексуалдык асылуудан коргоо максатында иштелип мыйзам долбоорун талкууга коюшкан.[26]

Гендердик теңсиздикке каршы күрөшОңдоо

19-кылымдын аягынан баштап Европа, Америка Кошмо Штаттары, падышалык Орусия территорияларында аялдардын теңсиздигине каршы феминисттик ойлор калыптана баштаган. Феминисттик чыгармаларда айтылган жана аялдар кыймылынын практикасында ишке ашырылган идеялардын пайда болушунун башталышы француз аял Олимпия де Гуж тарабынан 1792-жылдагы «Аялдын жана жарандын укуктарынын декларациясы» болуп саналат. Ошол эле 1792-жылы Англияда Мэри Уоллстоукрафттын "Аялдын баш ийүүсү жөнүндө", ал эми Германияда Теодор фон Хиппелдин "Аялдардын жарандык абалын жакшыртуу боюнча" эмгектери жарык көргөн. Ошентип, 18-кылымдын аягында келе жаткан феминизмдин “манифесттери” белгиленген.[27]

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде гендердик теңсиздикке күрөш мамлекеттик политикага киргизилген. Гендердик маселелерди коомдун негизги агымына киргизүү концепциясы 1995-жылы Пекинде (Кытай) өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференциясында кабыл алынган Иш-аракет Платформасында гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча глобалдык стратегия катары так белгиленген. Гендердик теңчилик социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн бардык чөйрөлөрүндө негизги максат экендигин камсыз кылуу зарылчылыгы.[28]

2015 жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан “бардыгы үчүн жакшы жана туруктуу келечек үчүн план” катары иштелип чыккан туруктуу өнүгүү максаттарынын бешинчиси “Гендердик теңчиликти камсыз кылуу жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүү”.[29] Анын максаттары аялдарга жана кыздарга карата дискриминациянын, зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу, эрте нике жана кыздарды сүннөткө отургузуу практикаларын жокы кылуу, Коммуналдык кызматтарды, инфраструктураны жана социалдык коопсуздук тармактарын камсыз кылуу жана акы төлөнбөгөн кам көрүү жана үй жумуштарын таануу жана баалоо,  чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын катышуусун камсыз кылуу, сексуалдык жана репродуктивдүү ден-соолукка жана репродуктивдүү укуктарга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, аялдарга экономикалык ресурстарга бирдей укуктарды берүү.

2021-жылы Кыргызстан гендердик теңчиликке жетүүнүн стратегиясын иштеп чыккан.[30]  Ошондой эле, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында гендердик багыттагы максаттар, милдеттер жана чаралар камтылган. Анын ичинде энелердин өлүмүн 25%га кыскартуу, балдардын жана аялдардын кызыкчылыктарын коргоо жана колдоо, мажбурлоо жана эрте никеге туруу практикасын, үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу.

Гендердик теңсиздик менен күрөшүүнүн дагы бир мүмкүнчүлүгү заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар болуп саналат. Кылдаттык менен көзөмөлдөнгөн изилдөөдө аялдар санариптик технологияны эркектерге караганда көбүрөөк колдоноору көрсөтүлгөн. Санариптик маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жумушка, билимге, кирешеге, саламаттыкты сактоо кызматтарына, катышууга, коргоого жана коопсуздукка жана башкаларга  жетүүнү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин эске алганда, аялдардын бул жаңы коммуникация каражаттары менен табигый жакындыгы аялдарга социалдык дискриминация менен күрөшүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүк катары саналат.[31]

ШилтемелерОңдоо

  1. Maughan RJ, Watson JS, Weir J (1983). "Strength and cross-sectional area of human skeletal muscle". The Journal of Physiology. 338 (1): 37–49. https://physoc.onlinelibrary.wiley.com/doi/epdf/10.1113/jphysiol.1983.sp014658(жеткиликсиз шилтеме) Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  2. Puts, David A. (2010). "Beauty and the beast: Mechanisms of sexual selection in humans". Evolution and Human Behavior. 31 (3): 157–175. doi:10.1016/j.evolhumbehav.2010.02.005 https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC5698637/
  3. Образование и гендерное равенство https://ru.unesco.org/themes/obrazovanie-i-gendernoe-ravenstvo Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  4. Education and gender equality https://en.unesco.org/themes/women-s-and-girls-education Кирүү күнү:бугу айынын 6, 2022.
  5. Кыргызская Республика: второй отчет о прогрессе в достижении целей развития тысячелетия. Второе издание (дополненное и переработанное). Б., 2010. – С. 25 29 Кыргызская Республика: второй отчет о прогрессе в достижении целей
  6. ред. Кочорбаева З.И. Гендерное и инклюзвное образование в Кыргызстане, 2016 (орус.) https://monitoring.edu.kg/wp-content/uploads/2016/11/gender_last.pdf Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  7. J. R. Cimpian, S. T. Lubienski, J. D. Timmer, M. B. Makowski, E. K. Miller, Have Gender Gaps in Math Closed? Achievement, Teacher Perceptions, and Learning Behaviors Across Two ECLS-K Cohorts. October-December 2016, Vol. 2, No. 4, pp. 1–19 DOI: 10.1177/2332858416673617
  8. OECD (2015), The ABC of Gender Equality in Education: Aptitude, Behaviour, Confidence, PISA, OECD Publishing. (англ.) http://dx.doi.org/10.1787/9789264229945-en
  9. OECD. Early gender gaps drive career choices and employment opportunities (англ.) https://www.oecd.org/newsroom/early-gender-gaps-drive-career-choices-and-employment-opportunities.htm
  10. Walker, M.D. (2017) Gender equality in the Wildlife Trusts; Ecos: A review of conservation. 38(6). (англ.) https://www.academia.edu/35875487/Gender_equality_in_the_Wildlife_Trusts
  11. 10 основных проблем в области обеспечения гендерного равенства в кадровых ресурсах здравоохранения, 2019. (орус.)
  12. "Second-Class Citizenship". (англ.) The Century Foundation. April 4, 2017. Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  13. Saudi women allowed to live alone without permission from male guardian. C. Skopeliti, 2021 (англ.). Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  14. Pew Research Center. The Gender Gap in Religion Around the World, 2016. (англ.) Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  15. Pew Research Center. The divide over ordaining women 2014. (англ.). Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  16. Rohman, Arif. (2013). Women and Leadership in Islam: A Case Study in Indonesia. Int J Soc Sci, 16(1), 46-51, (англ.) https://ssrn.com/abstract=2304613, http://dx.doi.org/10.2139/ssrn.2304613
  17. Global Gender Gap Report 2021. (англ.)https://www.weforum.org/reports/global-gender-gap-report-2021/infographics-ad8db6203f
  18. State of the Gender Pay Gap Report, 2022. (англ.) https://www.payscale.com/research-and-insights/gender-pay-gap/#section14 Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  19. Pew Research Center. Gender pay gap in U.S. held steady in 2020. (англ.) https://www.pewresearch.org/fact-tank/2021/05/25/gender-pay-gap-facts/ Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  20. Forbes. The Gender Pay Gap: Why It’s Still Here, 2021. (англ.). Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  21. The Glass Ceiling Initiative, A Report. 1991, US Department of Labor.
  22. Good for business: Making Full Use of the Nation's Human Capital, 1995. (англ.). A Fact-Finding Report of the Federal Glass Ceiling Commission Washington, D.C. Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  23. B. Dugan, J. L. Terner, F. Tagliarini, J. Bayless, H. Felber. The Glass Ceiling: Potential Causes and Possible Solutions (англ.). Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  24. ILO. Sexual harassment in the world of work Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  25. Кыргыз сот аялдарынын ассоциациясы. Краткие выводы и рекомендации по исследованию масштабов совершения сексуальных домогательств в отношении женщин и девушек в сфере трудовых и служебных отношений. 2019, (орус.) Кирүү күнү: бугу айынын 6. 2022.
  26. Ж. Жакыпбекова, Каждая четвертая женщина в КР подвергается домогательствам на работе — Что делать? (орус.) 2021. Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  27. Е. Водопьянова. Европейский феминизм: идеи и движение. 2000.
  28. ILO. Definition of Gender Mainstreaming (англ.). Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  29. UN. Goal 5: Achieve gender equality and empower all women and girls Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  30. Кыргызстан разработал стратегию по достижению гендерного равенства до 2030 года, 2021. (орус.). Кирүү күнү: бугу айынын 6, 2022.
  31. Hilbert, Martin. (2011). Digital Gender Divide or Technologically Empowered Women in Developing Countries? A Typical Case of Lies, Damned Lies, and Statistics. Women's Studies International Forum. 34. 479-489. 10.1016/j.wsif.2011.07.001.