Географиялык конгресс — географтардын бүткүл дүйнөлүк кесиптик съезддеринин негизги формасы. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин (1914-18) түрдүү өлкөлөрдүн географиялык коомдору, ал эми 1920-жылдан эл-аралык географиялык союз жана географтардын улуттук конгрессттери тарабынан (1952жылдан 4 жылда бир) чакырылган. Алгачкы географиялык конгресс Антверпенде (1871), ал эми калгандары төмөнкү шаарлар менен өлкөлөрдө өткөн: Париж (1875; 1931; 1984), Венеция (1881), Берн (1891), Лондон (1895; 1964), Берлин (1899), АКШ (1904), Женева (1908), Рим (1913), Каир (1925), Кембриж (1928), Варшава (1934), Амстердам (1938), Лиссабон (1949), Вашингтон (1952), Рио-де-Жанейро (1956), Стокгольм (1960), Дели (1968), Монреал (1972), Москва (1976), Токио (1980) жана башка.

Географиялык конгресстин негизги милдети илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча ой бөлүшүү жана географиялык негизги проблемаларды биргелешип талкуулоо. Географиялык конгресстин программасында географиянын түрдүү тармактары боюнча секциялардын жыйыны негизги орунду ээлейт. Жалпы кызыкчылыкты көздөгөн актуалдуу проблемалар боюнча докладдар пленардык чогулуштарда угулат. Географиялык конгресстин программасына, ошондой эле эл-аралык географиялык союздун комиссияларынын жана жумушчу топторунун чогулушу да кирип, анда дүйнөгө таанымал географтардын илимий-популярдуу лекциялары окулат. Географиялык конгресс учурунда уюштуруу маселелери боюнча эл-аралык географиялык союздун Генералдык ассамблеясы өткөрүлүп, географиялык адабияттар менен карталардын көргөзмөлөрү уюштуралат. Конгресс учурунда конгрессти уюштурган өлкөнүн жаратылышынын, калкынын жана чарбасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышуу максатында экскурсия уюштурулуп, симпозиум өткөрүлөт. Географиялык конгресс болор алдында анда жасалчу докладдардын тезистери, өлкөнүн географиялык өнүгүү деңгээлин чагылдырган олуттуу монографиялар жана макалалар жыйнагы жарыкка чыгып, конгресстин календары, экскурсия жолдомолору, конгресске катышкандардын тизмеси (дареги менен) чыгарылат. Конгресстен кийин докладдардын тексти бүт, ошондой эле экскурсиялардын обзорлору жарык көрөт. Географиялык конгресстердин аралыгында региондук географиялык конференциялар өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү