Григорий Яковлевич Перельман (13-июнь 1966 ж. т, Ленинград, СССР) — Бир кылымга жакын убакыт бою чечилбей келген Пуанкаре гипотезасысын[1][2][3] (ru) далилдеген орус математиги. Азыр болсо Пуанкаре гипотезасы математикадагы миң жылдык жети маселенин (ru) ичинен жалгыз гана чечилгени болуп эсептелет.

Перельман, Григорий Яковлевич
Туулган жылы:

1966-жыл 13-июнь

Туулган жери:

Ленинград

Өлкө:

СССР желеги СССРОрусия желеги Орусия

Илимий чөйрөсү:

Математика

Альма-матер:

Ленинград Мамлекеттик Университети

Илимий жетекчиси:

академик А. Д. Александров

Сыйлыктары


Филдстин медалы 2006-жыл

Өмүр баяны түзөтүү

Григорий Перельман 1966-жылы 13-июнда Ленинградда жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө туулган. Анын атасы Яков Наумович Перельман[4] инженер-электрик болуп эмгектенген, 1993-жылы Израилге[5] эмиграцияга кеткен. Апасы Любовь Лейбовна Штейнгольц Санкт-Петербургда калып, кесиптик лицейде[6] математика мугалими болуп иштеген. Григорий Перелмандын кичүү карындашы Елена бар, ал дагы математик, Санкт-Петербург университетинин бүтүрүүчүсү (1998), 2003-жылы Реховот шаарындагы Вейцман институтунда диссертациясын (PhD) жактаган; 2007-жылдан бери Стокгольмдо программист болуп иштеп келет.

Григорий 8-класска чейин Ленинграддын чет жакасындагы №282 мектебинде окуган; мыкты окуу көрсөткүчтөрүнөн тышкары, ал чынчылдыгы жана принциптерди кармангандыгы[7] менен өзгөчөлөнчү. Ата-энеси аны математикага болгон кызыгуусун артырышкан, апасы болсо аны классикалык музыка менен тааныштырган (Григорий апасы сыяктуу эле скрипкада ойнойт). 8-классты аяктагандан кийин 239-Физика-математика мектебине (ru)которулуп, окуусун уланткан. Григорий жаңы мектептин катардагы мектептерге салыштырмалуу өтө жогорку талаптарына карабастан, үлгүлүү окуучусу[8] болгон. Мектепти бүткөндө дене-тарбия нормативдерин гана тапшыра албаган себебинен алтын медал албай калган. Мектепте окуп жүргөндө шахмат жана стол тенниси менен алектенген[9].

5-класстан баштап Перельман Сергей Рукшиндин (ru) жетекчилиги астында Пионерлер имаратындагы математикалык борбордо мектептен тышкаркы убакта окуган. Сергей Рукшиндин окуучулары математика боюнча олимпиадаларда көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 1982-жылы советтик мектеп окуучуларынын командасынын курамында Будапештте өткөн Эл аралык математикалык олимпиадада (ru) бардык маселелерди кемчиликсиз чечкени үчүн максималдуу мүмкүн болгон баллды алып, Перельман алтын медаль менен сыйланган[10].

Ошол эле 1982-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (ЛГУ) (ru) математика-механика факультетине (ru) кабыл алынган. Венгрияда өткөн олимпиададагы жеңишке байланыштуу ал экзаменсиз кабыл алынган, бул аны ошол кездеги мүмкүн болгон улутуна карап басмырлоодон коргогон. Университеттин бардык жылдарында Перельман «эң жакшыга» гана окуган, факультеттин, шаардык жана бүткүл союздук студенттердин математикалык олимпиадаларында жеңүүчү болгон. Ийгиликтери үчүн жогорулатылган Лениндик стипендия (ru) алган.

1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетин артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин[11], аспирантурага(илимий жетекчиси – А.Д. Александров (ru)) СССР Илимдер академиясынын В.А. Стеклов атындагы математика институтунун Ленинграддагы бөлүмүнө(ЛОМИ - 1992-жылга чейин; андан кийин - ПОМИ) тапшырган. 1990-жылы «Евклиддик мейкиндиктердеги ээр беттери» деген темада кандидаттык диссертациясын[12] коргогондон кийин институтта улук илимий кызматкер катары калган.

1990-жылдардын башында ал Америка Кошмо Штаттарына келип, ар кандай университеттерде эмгектенген(Курант математикалык илимдер институту, Стони Бруктагы Нью-Йорк мамлекеттик университети жана Берклидеги Калифорния университети)[13][14]. Ал кесиптештерин аскетизми жана күнүмдүк көйгөйлөргө көңүл бурбагандыгы менен таң калтырчу. Перелман бир нече америкалык университеттердин университтетте калып иштөө сунуштарын четке кагып 1995-жылы (айрым булактар ​​боюнча 1996-жылы[15]) Санкт-Петербургга кайтып[16] келип, ПОМИдеги (ru) ишинен сырткары жалгыз өз алдынча Пуанкара гипотезасынын үстүнөн иштеген[17].

2002-2003-жылдары ал Интернетте (arXiv.org сайтында (ru)) өзүнүн үч белгилүү макаласын англис тилинде жарыялаган, анда ал Пуанкаре гипотезасын далилдөөнүн оригиналдуу ыкмасын кыскача баяндаган:

  • (англ. The entropy formula for the Ricci flow and its geometric applications)[18]
  • (англ. Ricci flow with surgery on three-manifolds)[19]
  • (англ. Finite extinction time for the solutions to the Ricci flow on certain three-manifolds)[20]

Перелмандын Риччи агымынын энтропия формуласы жөнүндөгү биринчи макаласынын интернетте пайда болушу илимий чөйрөлөрдө дароо эл аралык сенсацияны жаратты. 2003-жылы Григорий Перелман Американын бир катар университеттерине баруу чакырыгын кабыл алып, ал жерде Пуанкаре гипотезасын далилдөөсү тууралуу иши жөнүндө бир катар докладдарды (ru) жасаган. Америкада Перелман ал үчүн уюштурулган ачык лекцияларда, бир катар математиктер менен жеке жолугушууларда өзүнүн идеяларын жана ыкмаларын түшүндүрүүгө көп убакыт короткон. Ошол эле учурда, журналисттер ачылыштын потенциалдуу маанисин түшүнүшкөн, бирок журналистердин ажиотажы Перельманды нааразы кылган[21]. Россияга кайтып келгенден кийин, ал электрондук почта аркылуу чет элдик кесиптештеринин көптөгөн суроолоруна жооп берип турган.

2004-2006-жылдары үч көз карандысыз математиктер тобу Перелмандын ишин текшерүү менен алектенишкен:

  • Чжу Сипин, Сун Ят-сен университети, Цао Хуайдун, Лехай университети;

Үч топ тең Пуанкаре божомолу толугу менен далилденген деген тыянакка келишти, бирок кытай математиктери Чжу Сипин жана Цао Хуайдун, мугалими Яу Шинтун менен бирге, Пуанкаре гипотезасынын “толук далилин”[22][23] таптык деп жар салып, плагиат кылууга аракет кылышкан. Кийинчерээк алар бул билдирүүдөн баш тартышкан.

2005-жылдын декабрында Перельман ПОМИдеги жетектөөчү илимий кызматкер кызматынан өз арызы менен кеткен жана ошол эле учурда дээрлик бардык кесиптештери менен байланышын үзгөн. Ал өзүнүн позициясын бириккен математикалык коомчулук менен макул эместиги жана алардын чечимдеринин адилетсиздиги менен түшүндүргөн.

2006-жылы америкалык "The New Yorker" (ru) журналынын журналисттери Сильвия Назар (ru) менен Дэвид Грубер Санкт-Петербургга учуп келип, Григорий Перелман менен жеке сүйлөшүүдөн кийин "Ар түрдүү тагдыр" (ru) деген чоң макаласын жарыялаган. Перелман маегинде математикалык коомчулук менен ажырашуунун себебин мындайча түшүндүрдү:

Илимдеги этикалык стандартты бузгандар бөтөн болуп эсептелбейт... Мага окшогон адамдар - обочолонууда калып жатат. Албетте, көптөгөн анча-мынча чынчыл математиктер бар. Бирок алардын дээрлик бардыгы - конформисттер. Өзүлөрү чынчыл, бирок алар чынчыл эместерге чыдап келишет. Мен көзгө көрүнбөй жүргөнүмдө тандоом бар эле... Илимдеги ыпылас ыкмалар тууралуу жар салып жаңжал чыгаруу же үнүмдү чыгарбай үй итине кандай мамиле кылса, ошол сыяктуу мамилеге чыдоо. Эми мен көзгө көрүнүктүү болуп калгандан кийин, мындан ары унчукпай коё албайм. Мына ошол себептен мен кетишим керек болду.

2011-жылы сентябрда математик Россия илимдер академиясынын мүчөсү болуудан баш тарткандыгы белгилүү болду.

Азыр болсо апасы менен Санкт-Петербургдун Купчино (ru) районунда жашайт. Массалык маалымат каражаттарында Григой Швецияда 2014-жылдан бери жашайт экен деген маалымат тараган. Бирок кийинчерээк анын ал мамлекетке кез-кезде барып туураары маалым болгон.

Илимий эмгектери түзөтүү

  • Юрий Дмитриевич Бураго жана Михаил Леонидович Громов менен бирге А.Д. Александровдун ийриликтери төмөндө чектелген мейкиндиктери боюнча эмгектердин автору.[24]
  • 1994-жылы дифференциалдык геометриядагы душа жөнүндө гипотезаны далилдеген.
  • 2002-2003 жылдары Пуанкаре жана геометриялаштыруу гипотезаларын далилдеген.

Негизги жетишкендиги түзөтүү

  • 1991-жылы "Александровдун ийгиликтери төмөндө чектелген мейкиндиктери" аттуу эмгеги үчүн Санкт-Петербург математикалык коомунун "Жаш математикке" сыйлыгына татыктуу болгон.
  • 1996-жылы Европа математикалык коомунун жаш математикетерине берилчү сыйлыгына татыган. Бирок Григорий сыйлыкты алуудан баш тарткан.[25]
  • 2006-жылы математикага кошкон чоң салымы үчүн математикада эң жогорку сыйлыктардын бири болгон Филдс медалы менен сыйланган. Бирок Григорий сыйлыкты алуудан баш тарткан.[26]
  • 2010-жылы март айында Клея математикалык институту (ru) жылдык жети маселенин бир болгон Пуанкаре гипиотезасын далилдегени үчүн бир миллион АКШ доллары менен сыйлаган. Перельман бул жолу жагы сыйлыкты алуудан баш тарткан.[27]

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2023.
  2. https://www.science.org/doi/full/10.1126/science.314.5807.1848
  3. http://www.gazeta.ru/science/2006/08/17_a_738296.shtml
  4. https://www.mk.ru/editions/daily/article/2006/08/24/178589-zanimatelnyiy-perelman.html
  5. http://www.lenta.ru/lib/14160587/
  6. https://www.newyorker.com/magazine/2006/08/28/manifold-destiny
  7. https://www.spb.kp.ru/daily/26989/4049781/
  8. https://librabook.info/bookread/36504-oleg-arsenov-grigorii-perelman-i-gipoteza-puankare/page-17
  9. https://aif.ru/society/people/38757
  10. http://www.imo-official.org/participant_r.aspx?id=10481
  11. https://mathshistory.st-andrews.ac.uk/Biographies/Perelman/
  12. http://search.rsl.ru/ru/record/01000113617
  13. https://tass.ru/encyclopedia/person/perelman-grigoriy-yakovlevich
  14. https://www.nature.com/articles/427388a
  15. http://news.bbc.co.uk/hi/russian/russia/newsid_5273000/5273680.stm
  16. https://tass.ru/encyclopedia/person/perelman-grigoriy-yakovlevich
  17. https://www.nature.com/articles/427388a
  18. http://www.arxiv.org/abs/math.DG/0211159
  19. http://www.arxiv.org/abs/math.DG/0303109
  20. http://www.arxiv.org/abs/math.DG/0307245
  21. https://www.nature.com/articles/427388a
  22. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 14 -май (бугу) 2012.
  23. http://mathforum.org/kb/message.jspa?messageID=4975694
  24. http://mi.mathnet.ru/umn4489
  25. http://trv-science.ru/2010/04/27/perelman-eto-zamknutaya-sfera-my-ne-mozhem-v-nego-zaglyanut/
  26. https://www.youtube.com/watch?v=45OirYxdArE
  27. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 28 Апрель 2013.