Даго (эл)
Даго (даджу, дагу) — эл. Чад Республикасында жана Суданда (Кордофан жана Дарфур тоо платолорунда) жашайт.
Жалпы саны 240 миң адам, анын ичинде Чад Республикасында 140 миң, Суданда 100 миң.
Даго | |
Даго жана француз аскерлери (сүрөт 1918ж.). | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Тили |
даго (даджу), |
Дини |
Ислам (сүннөттөр) |
Расалык тиби |
Тил
Эне тили — даго (даджу).
Даго тили Нил-сахара макроүй-бүлөсүнүн чыгыш судан бутагындагы кир-аббай уясына кирет.
Экинчи тил катары араб тилин колдонулат.
Коом
Коомдук уюм көп балалуу үй-бүлөлөрдөн турган жамааттардан турат. Калктуу пункттар абдан компакттуу.
Дин
Көпчүлүгү Исламдын сүннөт багытынын маликит мазхабын тутушат.
Чарбалык иштер
Негизги кесиби — малчылык (ири мүйүздүү мал жана төө) жана сугат дыйканчылык.
Кийим
Эркектер үчүн салттуу кийим туника көйнөк, аялдар үчүн — узун көйнөк жана жоолук менен берилген.
Тамак-аш
Сүт, сүт азыктары жана жашылча тамактары.
Тарых
Даго элинин пайда болушу 17-кылымга таандык. Ошол мезгилде даго эли алгачкы мамлекетти түзүшкөн. Бир аздан кийин ал мамлекет Дарфур султанатынын курамына кирген.
Колдонулган адабият
түзөтүүАндрианов Б. В. Даго // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999. С.154.