Жакыпбек элчи

Жакыпбек‎»‎ барагынан багытталды)

Жакыпбек – орус падышалыгына барган элчилердин бири. Бугу уруусунан. 1813-ж. 21-ноябрда 4 киши болуп (анын бири–Качыбек Шераалы уулу), Ысык-Көлдөн чыгып, 1814-ж. 5-январда Семипалатинск чебине жетишкен. Андан ары Тобольск шаарына барып, Сибирдин генерал-губернаторуна жолугушуп, кыргыздардын орустар менен соода байланышын түзүүнү жана кыргыздардын жери аркылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүнү кааларын оозеки билдиришкен. Ошондой эле Санкт-Петербургга падыша менен жолугушууга жөнөтүүсүн өтүнүшкөн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү канааттандырылган эмес. Ал эми Жакыпбекке капитан наамы ыйгарылып, аты жазылган кылыч тапшырылган; акак таштуу шакек менен сыйланган. Элчилер 1815-ж. кайтып келишкен.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.