Жонглёрлооцирк өнөрүнүн жанры; белгилүү ыңгайда үчтөн кем эмес буюмду ыргытып, тосуп алуу. Жонглёрлоо өнөрү Байыркы Египет, Грекия, Рим, Кытай, Японияда кеңири өнүккөн. Орто кылымда жонглёрлоону жер кезип жүргөн өнөрпоздор көрсөткөн. Азыркы циркте жонглёрлоо көп учурда акробатика, эквилибристика, клоунада, машыктыруу менен байланыштуу. Анын атчан, керилген зым, тепкич жана башкага чыгып жана жерде ойноо­чу түрлөрү бар. 20-кылымда Э. Растели орус циркинде татаал акробатикалык амалды аткарып, жонглёрлоо жанрынын өнүгүшүнө чоң көмөк көрсөткөн. Кыргыз циркинде У. Урманов, А. Санянин, З. Исаков сыяктуу көрүнүктүү жонглёрлоо өнөрпоздору бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1