Байыркы Египет маданияты

Байыркы Мисир маданияты б. з. ч. 4-мин жылдыктын аягында, 3-мин жылдыктын башында байыркы Мисир мамлекетинин түзүлүшү менен жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат.

Хефрен пирамидасы жана Чоң Сфинкс.

Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик жана рим – византиялык доорлор (б. з. ч. 332 – б. з. 642) да эсептелген.

Курулуштар түзөтүү

Байыркы Мисир Маданиятынын өзгөчөлүгү анын географиялык абалынаНил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири сугат системалары менен храмдарды курууга жумшалган; көптөгөн каражаттар пирамидаларды курууга сарпталган. Алардын эң чоңу – Гизадагы Хеопстун пирамидасынын (бийиктиги 146,6 м) курулушуна 30 жыл бою бир эле мезгилде 200 миң кул иштеген.

Коомдогу жетектөөчү роль бийлик төбөлдөрү менен жрецтерге таандык болгон.

Диний көз караштары түзөтүү

Диндеги негизги салт өлгөндөрдүн денесин мумия менен катыруу, ошондой эле жаныбарларга сыйынуу эсептелген.

Жазуу тамгалары түзөтүү

Байыркы Мисир маданиятындагы бир өзгөчөлүгү – анын татаал иероглиф жазмасы.

 
Мисирдик жазмалар

Илимий иштери түзөтүү

Мисирде зор колдонмо мааниге ээ болгон илимдерге (геометрия, арифметика, жөнөкөй алгебра) негиз салынган.

Адабий булактар бизге көпчүлүк учурда байыркы грек белгисиз авторлорунун чыгармалары катары жетти. Негизги адабий жанрлар: тамсилдер, насыяттар, баяндар, мифтер,жомоктор, гимндер, сыйынуулар, эпистолярдык тексттер. Диний – мифтик тексттер биздин мезгилге «Саркофагдардын тексттери», «Пирамидалардын тексттери», «Маркумдар китептери» деген жыйнактарда топтоштурулуп жетти.

Байыркы Мисир маданияты жөнүндөгү маалыматтар түзөтүү

Байыркы Мисирдин маданияты жөнүндөгү көптөгөн маалыматтарды байыркы гректер сактап жеткиришти. Алар Байыркы Мисирди акылмандуулуктун өлкөсү деп, ал эми мисирдиктерди өздөрүнүн мугалимдери деп эсептешкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8