Жыгач-Коргон, Сузак району
Жыгач-Коргон, Сузак району — Сымкат, Фрунзе Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 42 км түндүктө. Багыш темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1915-20-жылы негизделген. Калкы — 3114 киши (2023-жылы)[1]; негизинен жүзүмчүлүктө, дыйкан чарбасында жана багбанчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар.
Айыл
Жыгач-Коргон
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
- ↑ Jump up to: 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.