Жыйынкыргыздардын салттуу коомунда маанилүү маселелерди кеңешип чечүүчү башкаруунун түрү. Жыйын уруу аксакалдарынын, бийлердин, кадырлуу баатырлардын демилгелери менен белгилүү бир мөөнөткө, алдын ала макулдашылган жерге чакырылган. Жыйындын бир нече түрү болгон. Чоң жыйында бир нече ири уруулардын өкүлдөрү катышып, бийлик, жайыт, жер, согуш, келишүү (жарашуу) ж.б. маселелерди караган. Урук, бир атанын балдары өткөргөн жыйында күнүмдүк турмуш-тиричилик, конок алуу, узатуу, айыл ичиндеги чыр-чатак, талаш-тартыш ж.б. маселелерди чечишкен жана алардын аткарылышына көзөмөл кылышкан.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.