Жээн аякжээндерге болгон өзгөчө мамиленин бир көрүнүшү. Таекелерине тойго келген жээнге өзүнчө табак жасалып тартылат. Ал жээн аяк кармоо деп аталат. Тартылган эт отургандар менен кошо желет, жооп иретинде ал той ээсине (таекесине) мал, баалуу буюм тартуулаган.

Тойлордо ар түрдүү оюн-тамашалар болот: ат чабуу, көкбөрү тартуу, эр эңишүү, балбан күрөшүү, бирок эр сайыштырылбайт. Тойдо жээндер чүйгүн табакты жээн аяк деп алып алат. Жээн түрдүү жактан эркелик кылат. Мисалы, аттардан да кармап алган ж.б.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Каада-салттар. Ак баталар / А. Акматалиевдин жалпы ред. астында; Түзгөндөр: А. Акматалиев, К. Кырбашев, М. Өмүрбай уулу, Ө. Шаршеналиев. Кырг. Улут. И. А. ж.б. — Б.: «Шам», 2003. («Эл адабияты» сериясынан).