Жазуучу Данияр Исанов (Daniyar Isanov) Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Талас районунун Чат-Базар айылында 1975-жылы 9-майда туулган.

Данияр Исанов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Данияр Исанов
Туулган жылы: 1975-жыл 9-май
Туулган жери: Чат-Базар айылы, Талас району, Талас облусу, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу

1992-жылы Талас шаарындагы №1-кыргыз орто мектебин, 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган.
1996-1998-ж.ж. Түркиянын Измир шаарындагы «Эгей» университетинин «Түрк дүйнөсү жана адабияты» институтунун аспирантурасында окуган.
1998-2000-жж. Талас Мамлекеттик Университетинде окутуучу, 2000-2004-жж. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде кызматкер, 2005-жылдан 2012-жылга чейин «НТС» телеканалында «Жаңылыктар» чыгарылышынын диктору, 2012-жылдан тартып 2016-жылга чейинки аралыкта "ЭлТР" телерадиокомпаниясында кабарчы, "Замандаш" журналында шеф-редактор, "Жаңы Агым" гезитинде корреспондент, "Пирамида" телерадиокомпаниясында "Жаңылыктар" чыгарылышынын диктору кызматтарында иштеген.

2016-2017-ж.ж. "5-Каналда" дүйнөлүк улуу инсандардын бейнесине арналган жана тарыхый окуяларды баяндаган "Закымга айланган замандар", кыргыз кинематографиясынын түптөлүү доорун чагылдырган "Кино Доор" көрсөтүүлөрүнүн автору жана алып баруучусу.

2018-жылдын август айынан 2019-жылдын апрель айына дейре "Апрель ТВ" каналында "Белес" долбоорунун автору жана "Улуу Кадам", "Жүзжашар" көрсөтүүлөрүндө диктор.

2019-жылдын май айынан бери карай "Бешинчи Каналда" "Закымга айланган замандар" долбоорун, кыргыз театрына зор салым кошкон залкар инсандар туурасында "Ариет" көрсөтүүсүн даярдаган. "Жаңылыктар" чыгарылышынын диктору.

Чыгармачылыгы түзөтүү

 
Данияр Исанов НТС каналында. 2008-жылдын март айы.

2002-жылы Кыргыз Эл артисти Болот Бейшеналиевдин чыгармачылыгы жана өмүр таржымалы камтылган «Тагдыр жана тасма» аттуу документалдуу очерки жарык көргөн.
Д.Исанов - эсселери жана публицистикалык көлөмдүү макалалары менен өзгөчөлөнөт. Окурмандар арасында "Сага!", "Сары чемодан", "Ата Журт", "Изденүү", "Жан" сыяктуу эсселери белгилүү. Ал эми өз кезегинде жаап-жашырылып келген тарыхтын кандуу барактарынан баяндалган "Кайраты жанбас калаада", "Эки дөөнүн эрөөлү", "Үрөй учурган үч жыл", "Самурайлар санаты", "Пол Поттун каар заманы", "Тагдыр туткундары", "Берлиндеги бейбаштык", "Теңир жалгаган шамал", "Азезилдер ашканасы", "Эстен кеткис эшелон", "Түн жамынган арбактар" сыяктуу публицистикалык көлөмдүү макалаларында бир катар чет элдик булактардан алып, аны кыргыз тилинде кенен-кесири таржымалдап берген.
Айрыкча, Д.Исанов - фашисттик Германияда өз учурунда колго түшкөн туткундардан куралган "Түркстан легиону", "Араб легиончулары" туурасында кыргыз басма сөз беттерине алгачкылардан болуп жарыялагандардын бири.
Мындан тышкары, Д.Исанов - "Менин атам Саякбай" (манасчы Саякбай Каралаев), "Чокморов көтөргөн жүк" (сүрөтчү жана киноактер, СССРдин Эл артисти С.Чокморов), "Туурунан учкан шумкар же шерлердин ааламына саякат" (Кыргыз Эл сүрөтчүсү Ж.Кадыралиев), "Чалгынчы Бек" (легендарлуу чалгынчы Эркебек Абдулаев), "Өксүк ыры... Отузунчу күз же кайрыгым калбады деген Калмурат" (обончу Калмурат Рыскулов), "Жарк эткен өмүр же 36 жашты кыйган олуя" (киноактер Талгат Нигматулин) сыяктуу макалаларында өзүнүн өлбөс-өчпөс издерин калтырышкан чыгармачыл инсандардын жан дүйнөсүн таасын ачканга далалат жасаган.
Ошондой эле Акира Куросава, Чарли Чаплин, Тосиро Мифунэ, Морихэй Уэсиба, Хиро Онода, Леонард Пэлтиер, Джидду Кришнамурти, Бхагаван Ошо Раджниш, Брюс Ли, Василий Шукшин, Владимир Высоцкий өңдүү дүйнөлүк улуу инсандардын баскан жолунан баян эткен эмгектери "Шоокум", "Замандаш" журналдарында, "Көк Асаба", "Де факто", "Фабула", "Жаңы Агым" ж.б. мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көргөн.
Аттары аталган айрым макалалары 2010-жылы "Закымга айланган замандар" деген ат менен китеп болуп басылып чыккан.
Данияр Исанов манасчы Саякбай Каралаев [1] жана башка залкарлар тууралуу кызыктуу эскерүүлөрдү чогултуп жарыялап келет.

Сыйлыктары. Наамдары. Мүчөлүгү түзөтүү

2007-жылы Кыргызпатент тарабынан «Адабият жана искусство» тармагындагы активдүү ишмердүүлүгү үчүн Грамота менен сыйланган.
Дебют III 2007 Эл аралык Айтматов фонду тарабынан «Айтматов жайкы мектебинин» эң жакшы проза номинациясынын лауреаты,
2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты.
2015-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

  • "Тагдыр жана тасма" Очерк. Б.: Бийиктик, 2002. 90 б.
  • "Өкүт ыры" (обончу Калмурат Рыскулов туурасында жазылган макалалар топтому жана эскерүүлөр). Түзүүчү Д.Исанов. "Полиграф-Ресурс". Бишкек. 2005-ж. 118 б.
  • "Ата Журт" (Эсселер) . Кыргызпатент. Бишкек. 48 б. 2010-ж.
  • "Закымга айланган замандар" (Публицистикалык басылма). Гүлчынар. Бишкек. 2010-ж. 268 б.
  • "Күндүзү күйгөн чырак" (Публицистикалар, портретке штрихтер, эсселер, маектер). Турар. (Бишкек) 2016-ж. 512 б.

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  1. http://www.azattyk.org/a/caravan_of_laughter_kyrgyz_humour_saiakbai_karalayev_k-2018/29433016.html