Ишим
(«Ишим (дарыя)» барагынан багытталды)
Ишим – Казакстан менен Россиядагы дарыя, Иртыштын сол куймасы. Узундугу 2450 км, алабынын аянты 177 миң км2. Сары-Аркадан башталат. Жогорку бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агып, Астана шаарынан төмөн карай өрөөнү кеңийт. Ишим талаасына чыкканда сандаган эски нуктары бар жайылма, төмөнкү бөлүгү саз аркылуу агат. Орточо чыгымы чатынан 215 км жогору 56,3 м3/сек. Жазында катуу ташкындайт. Ноябрдын башынан апрель-майга чейин тоңот. Петропавловск шаарынан жогору карай 270 км аралыкта жана Викулов кыштагынан чатына чейин кеме жүрөт. Вячеславский жана Сергеевский суу сактагычтары эл чарбасын суу менен камсыз кылуу жана сугат үчүн курулган. Боюнда Нур-Султан, Державинск, Есил, Петропавловск (Казакстан), Ишим ш. (Россия) жайгашкан.
Ишим
| ||
---|---|---|
Ишим (Астана). | ||
Мүнөздөмө | ||
Узундугу | 2 450 км | |
бассейндин аянты | 177& 000 км² | |
Бассейн | Түндүк Муз океаны | |
Дарыя бассейни | Иртыш → Обь | |
Суу чыгымы | 56,3 м³/с | |
Суу агымы | ||
Башаты | Нияз тоосу | |
· Бийиктиги | 560 м м | |
· Координаттар | Координаты: неизвестный формат аргумента | |
Аягы | [[Иртыш дарыясы]] | |
· Орду | Усть-Ишим | |
· Координаттар | Координаты: неизвестный формат аргумента | |
Жайгашкан орду | ||
Файл:Ишим (Ишим).PNG | ||
Өлкө | Казакстан Орусия | |
Аймактык картасы]] жок. | ||
ОМСР | 14010300212115300008071 | |
Ишим Уикиказынада |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5