Казы, кадий – мусулман өлкөлөрүндө шарият жолу менен тергөөгө алып, тийиштүү чечим чыгаруучу сот, Орто кылымдарда казы ар кыл документти күбөлөндүрүүнүн (нотариустун) да милдетин аткарган: жетимдерге көз салган же аларга көз салып туруу үчүн адамдарды дайындаган; кылмыш иштери же граждандык иштер боюнча өкүмдөрдүн аткарылышын көзөмөлдөгөн. XIX к. жана ХХ к. башында ак сөөктөр сотунун пайда болушуна байланыштуу казы үй-бүлө, диний, мураска калтыруу иштерин кароо менен гана чектелген. Казы феодал төбөлдөрүнүн жана падышачылыктын жергиликтүү башкаруучуларынын кызыкчылыгын коргогон.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9