Каниметова, Гүлайым
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Каниметова Гүлайым Кызайбаевна
Туулган жылы: 1949-жыл
Туулган жери: Тасма айылы, Түп району, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр артисти
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (2002)

Каниметова, Гүлайым - театр жана кино актрисасы. КМШ мамлекеттеринин театр искусствосунун жарык жылдызы. Кыргыз кино жана театр актрисаларынын башатында турган зор, масштабдуу талант!

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1978). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (2002). III даражадагы Манас орденинин ээси (2021).

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы түзөтүү

Каниметова, Гүлайым 1972-жылы Москвадагы Л. В. Луначарский атындагы театр өнөрү институтун актёрдук факультетин бүтүргөн. Окуу жайын бүтүрүүчүлөрү менен Ош кыргыз драма театрын ачышкан, ал театрда 1992-жылга чейин эмгектенген.
1992-жылдан Чүй облустук Шаршен атындагы куудулдар театрында иштейт. Анын жараткан образдары өзүнүн эмоциалдуулугу, таасын табылган кайталангыс-мүнөздөрү курч сатиралык багыты менен айырмаланат.

Аткарган негизги ролдору түзөтүү

Электра (Л. Дюрко, «Электра»)
Каракөз (М. Ауэзов, «Каракөз»)
Жаңыл мырза (К. Маликов, «Жаңыл мырза»)
Зейнеп (Б. Жакиев, «Күттүргөн жаз да келээр»)
Официантка (Б. Жакиев, «Жолугушуу»)
Тамара (Б. Жакиев, «Эртең жаңы жыл»)
Мария (И. Друце, «Ыйыктын ыйыгы»)
Настя (М. Горький, «Түпкүрдө»)
Гертруда (У. Шекспир, «Гамлет»)
Замзагүл (М. Карим, «Жөө Махмуд»)
Дарыйка (Б. Өмүралиев, «Жүз катын »)
Нуракова (М. Мамазаирова, «Наристеге арналган гүлдесте»)
Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»)
Асель (Ч. Айтматов, «Делбирим»)
Алмагүл (Ч. Айтматов, «Фудзиямадагы кадыр түн»)
Толгонай (Ч. Айтматов, "Саманчынын жолу" ("Эсимде" деген ат менен коюлган)
Калыйча (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»)
Чүкөдөй (Т. Абдумомунов «Жыгылган оогонго күлөт»)
Сейдене (Т. Абдумомунов, «Алдар көсө»)
Катерина Измайлова (Н. Лесков, «Мцен аймагындагы айым Макбет»)
Курманжан (Т. Касымбеков, К. Сактанов, "Курманжан-датка")
Өлөрман эне (Б. Брехт, "Өлөрман эне жана анын балдары") ж. б.

Наамдары жана сыйлыктары түзөтүү

  • 1989-жылы Орто Азия жана Казакстан фестивалында аялдардын эң мыкты ролу үчүн Гран-при алган Лесковдун «Мцен аймагындагы айым Макбет» чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде Катерина Измайлованын ролун аткаргандыгы үчүн).



  • М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты (1989-жылы; аялдардан 1-жолу).


  • Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси (2002-жыл, Курманжан датканын ролу үчүн).



Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Бишкек 1994-жыл.
  • Жаныш Кулмамбетов."Алдар көсө" ж.б."Театр дүйнөсүндө" китебинен. Ф.,Кыргызстан, 1987.
  • Ж.Кулмамбетов. Табийгы феномен (Чыгармачылык портрети). "Кыргызстан маданияты" жумалыгы,11.02.1988-жыл.