Кара тоолор – жайында кар жатпаган жапыз тоолор. Орто Азияда кара тоолордо чөл ж-а жарым чөл ландшафттары үстөмдүк кылат, бийик алкактарында гана талаа өсүмдүктөрү кездешет.

Кара тоолор (АКШ‎).

Ал эми Түш. Сибирдеги кара тоолордо ландшафты түп тамырынан бери башка болот, алар ийне жалбырактуу тайга, каралжын токой м-н капталат. Демек, кара тоо тигил же бул аймактын табигый өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташкан ландшафттык типологиялык термин. Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Крымда, Кавказда, Түш. Сибирде, Кытайда, Түркияда, Иранда «кара тоо» аталган кырка тоолор ж. б. топонимдер бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2