Кыргызды кымызы кырбасын…

Кыргыз кымыз ичмейинче кыргыз эмес да. Өзгөчө чыныгы тоолук жигиттер шаарда жүрсө да айылдан кымыз алдырып ичип турушат. Атактуу Суусамыр жайлоосу өзүнүн касиеттүүлүгү менен айырмаланып, илгери "оо, Суусамырдын кымызы тура" деп сыймыктана иччү улуттук суусундугубуздун учурда баркы кетти. Азыр эл арасында Суусамырдан кымыз албай эле койгула деген сөз тараган. Эмнеге антип жатышат деп өткөндө мен да жолдон кымыз ала келгилечи деп жакындарымдан сурандым эле, 160 сомум жөн кеткенин түшүндүм. Атайын Суусамырга барып кыргыздын кымызынын аброю эмнеге түшүп жатканын билгенге аракет кылдык.

Көрсө, илгери биз сыймыктанып ичип жүргөн убакта бээ саагандардын кымызын бат эле талап кетишип, кымыз саткандар "юпи сыяктуу эле порошокту сууга чылап койсоң кымыз болуп калса э, чылап эле сата берсең…" деп кыялданышчу экен. Пул тапкычтардын кыялын орундатканга баягы эле кытайлар жардамга келиптир. 4-5 жылдан бери ошол жок нерсенин баарын ойлоп табышкан көзү жымшыктардан келген ак порошокту сууга чылап саткан кымызчылар ойда байып атышкандарын байкагандар көп. Бул оңой оокаттын бир нече эсе пайда алып келгенин мындай эле санап көрсөңүз болот. Болжол менен бир литрге 10-15 сомдук порошок кетсе, суу бепбекер. Чылап туруп эле 70-80 сомдон ура беришет экен. Күнүнө жок дегенде 100 литр сатканда эле 5-6 миң сом табышат. Бир айда 200 миң сом асмандан түшүп жатса, алар "жайлоого" чыкпай анан ким чыгат? Мейли, жанын багып жатышат деп көз жумуп коеюн десең, кытай порошогунун жакшы-жаман жактарын изилдеп көргөн киши жок. Мындан 3-4 жыл мурун Суусамырдан кымыз ичишкен бир машиненин жүргүнчүлөрүнүн баары өлүп калып, рулдамын деп ичпей койгон айдоочу гана тирүү калган окуя болгон. Анда кымыз куйган чаначка жылан түшүп калып уусун чачып ийиптир деген жомоктогудай жооп болгон. Ошондо айрым билермандар болду-болбоду порошоктун курамында ашыкча бир нерсе болгон деп айтышкан. Ал окуя унутта калганы менен күндөн-күнгө Суусамырдан же Ош базарынан кымыз сатып алгандардын даамы начар экен, анан ичти оорутуп жатат деп арыздангандары күчөп барат. Журналист катары Суусамырда кымызды кантип сатышаарын элге түшүндүрүп, сак болууга чакыруунун аракетин көрдүк. Кадимки кардар катары жол боюндагы боз үйгө кирип кеп баштадык:

- Ассолом алейкум!

- Алеки салам!

- Кымыз барбы?

- Бар.

- Канчадан?

- 5 литрге чейин алсаң 80 сомдон, андан көп алсаң 70 сомдон беребиз.

- Кымызыңыз порошок эмеспи?

- Жок ай, ким айтты биздикин порошок деп?

- Дайыма каттаган айдоочулар жол боюндагылардын баарынын кымызы порошок деп жатышат го?

- Ал тээтиги жактагы катар турган кымыз саткычтардыкы. Мен чабанмын, көрдүңбү тиги желеде бээлер турганын. Алардыкында 20 чатырга бир желе туш келип турбайбы.

- Атыңыз ким?

- Ой, сен кымыз аласыңбы же мени менен таанышканы келдиңби?

- Порошоктон кантип кымыз жасаганды сиз көрдүңүз беле?

- Эй, иничек, кымыз алсаң ичип көрүп жакса алып, жакпаса кете бер да, мага порошок-морошок деп башымды оорутпай…

Чындыгында желеде бээлери турган чабандар өзүн жаманатты кылгысы келбей катары менен тизилген кымыз саткычтардан алысыраак конуп, өзүнчө тирилик кылышат экен. Ал эми жанагы шек санап жаткандарга желеси жок эле кымыз сата бересиздерби деген суроо берсек, биздин жайлоо алысыраак, күндө эртең менен алып келебиз ал жактан деген жоопту угасыз. Кымызыңызды ичип көрсө болобу, мынча литр алат элек дегендерге таза кымыздан ичиришет экен дагы, идишке куюп бергенде эле порошокту айдап ийет тура. Аны ичип көрүп, бул жанагыга окшобойт го десең, ой эми эле сүт куйганбыз, ошого башкача сезилип жатат деп жооп табышат. Биз Суусамырда кымыз порошогун иликтеп жүрүп, учурда курут, кытайдын жумурткалары да атайын порошоктордон жасалып жатканын угуп таң калдык. Курут го мейли, жумуртканы кантип жасайт деп суроо узатсак, кантип жасаганын билбейбиз, бирок ушул жактан жасалып чыгып жатканын ишенимдүү булактардан уктук деп Кытайдан жүк ташыган соодагер эже оозду ачырды. Улуттун келечегин ойлоп, эмне жеп, эмне кийип жатканыбызды текшерүүгө алган адам жок. Кытайдын алмасын керек болсо курт жебейт экен. А кыргызбай арзан деп кемирип атат. Уругубузду алсыздандырып, жок болуп кеткенде үйлөрүн сатып алып отуруп эле басып алабыз деген пландары бар экен деп айылдагы саясатчы чалдар кеп куруп отурушат. Кулагыбыздын сыртынан кетире берип жок болуп кетпесек эле болду. [[1]]