Кыргыз качан Конституция менен жашачу эле…

түзөтүү

-Башталды.

-Эмне башталмак эле?

- Баягы эски жомок башталды.

-Эми колуңдан кашыгың түшүп кетсе дагы шайлоодон көрө берсең болот! Эртеңден баштап биз атуулдардын конституциялык укугу тебеленген өлкөдө жашап баштайбыз!

Мындай билдирүүнү "Замандаш-Современник" саясий партиясы таратты. Маанисине үңүлсөк: "Учурда Жогорку Кеңеш тарабынан түз берүүчү телеканалдардын баарын цензурадан өткөрүп, а түгүл аларды таптакыр жаап салууга багытталган мыйзамдар менен токтомдор кабыл алынууда. Ошондой эле акыркы бир ай чет элдик телеканалдарды убактылуу көргөзүүгө тыюу салуу чечими дагы акылга сыйбайт. Анткени убактылуу токтотууга техникалык мүмкүнчүлүгү жетишпеген телеканалдар, мындан ары Кыргызстан аймагын камтуудан биротоло баш тартууга мажбур болушууда. Мындай чечимдер бир дагы мыйзамга шайкеш келбейт. Мисалы Конституцияда ар бир атуул өз ой-пикирин эркин айтканга укуктуу экендиги көрсөтүлсө, массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдын 1-беренесинде "массалык маалымат каражаттарына цензура колдонууга жол берилбейт" деп жазылып турат, ал эми ЖКе регламентинин 144-беренесинде сөз эркиндигин чектөөчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынган. Авторитаризм менен сөз эркиндигин чектөө, атуулдардын укугун бузуунун кесепети кандай болорун бир жыл мурдагы кандуу окуялар далилдеди. Ошондуктан, Конституцияга карама-каршы келген чечимдер кайрадан каралышы керек", делинет. Эмнеси болсо да, башталды…

Бизнес

түзөтүү

Болукшуган Мегаком …Болумдуу күйөө кайдасың?

Кыргызстандын эгемендик аталган жаңы тарыхы менен кошо инвестиция деген түшүнүк илээлеп кирип келди. Бирок бу инвестор дегениңдин өз чөнтөгүн гана ойлогон итчилиги бар экен. Анысын деле туура түшүнүп калдык. Пайда табайын дебесе аалам чокусу Ала-Тоого айланганы келмек беле. Өкүнүчтүүсү инвестор бет кабын тартынгандардын далайы эчтеме менен иши жок эндекей элибизди сызга отургузуп кетти. Алардын бири эл оозунан түшпөгөн Мегаком компаниясын негиздеген шылуундар. Апрель окуялары болбогондо бул компаниянын ичинде ит өлүп жатканын билбей деле калмакпыз. Сыртынан караганда тейлөө кызматын көрсөтүп, бюджетке да куш жеминдей бирдеме таштап, анда-санда гуманитардык жардамын ала чуркап турчу. Баракелде дегенден башка кебибиз да жок болчу.


Ошону менен кандуу апрелден кийин башбагып көрөлүчү деп барып калбайбызбы. Эшигин ача салганда эле анык ибилистин уясы экенин сезгенбиз. Демейде көзгө көрүнбөгөн шайтан, албарсты, азыткы, жин, азезил дегендерди көздөрүн бакырайтып бурч-бурчта конуп отурганын көргөнбүз. Ал жерде көзү тааныш, бой келбети келишкен, кезегинде экрандан суйкайып чыгып, суктандырып турчу баягы Роза Качиева да жүргөнүнөн ушу соо болбой калдык, көзүбүзгө эле бирдемелер көрүнө берчү болду деп койгонбуз. Ой тобо-о, кийин чын чыгып жатпайбы. Ошондо байыркы теңирчилик салтыбызга салып Ала-Арчаны арчасынан атка жүктөп келип аластап жибердик эле, кудай бетин салбасын шайтан-шабырлар Мегакомдун эшик-терезесинен шатырап эле учуп чыгышкан. Тырмактарында бирдеме жүргөндөй болгонун байкап калганбыз. Көрсө алар кур кетпептир. 27 млн. долларды иле качышып, оффшордук аймактарга барып конуп калышты. А.Силич баштаган тигилердин жоон тобу дагы эле айланып кетпей, тооруп туруп алганынан кыргыз өкмөтү тышкы башкаруучу киргизген. Аз өтпөй акционерлеринин жылдык жыйынында А.Мурзалиев Мегакомдун ("Альфа- Телеком") жылдык жыйынында башкы директору болуп дайындалган. Ошондон бери Мегакомдун ити чөп жей баштады. 2010-жылы болгону 750 млн. сом бюджетке төксө, быйылкы жылдын жарымында эле 800 млн. сомдон ашык каражат бюджетке барып топ этип түшүп калды. Оффшордук аймактарга агып турчу каналдар кан буугандай токтотулду. Ошону менен булар Мегакомду башкара албайт деп турчу К.Бакиевдин куйруктарынын оозу жап болду. Учурда Кыргызстан жогорку айткан инвестицияга муктаж. Алар дагы куу немелер. Кызыл-тазылга конбосо, жөн жай жерге кызыкпайт. Бүгүн К.Бакиевдер күң кылып жүрчү Мегаком кызыбыз жадырап жайнап, көргөндүн көз жоосун алып, буралып турган чагы. Андагы 49 пайыз акциябызды мыкты күйөөгө (инвесторго) карматып жиберсек уттурбайбыз, утабыз. Мегакомдун азыркы наркы болжолдуу алганда 650- 700 млн. долларга чаап бараарын эске алсак, жакшы эле калың жеген турабыз. Анын үстүнө күндө бирди кийчүмүн деп (жаңы техникалык жабдуулар) Мегаком кызыбыз да эркелеп турат. Аны ою менен болгонго Кыргызстандын чамасы чак. Андыктан 49 пайыз акциябызды сатып жибергенден башка жол жок. Мегаком кызыбыздын жоонураак бир саны (51 пайыз) азырынча талашта. 49 пайызынын калыңын жеп турсак, аны деле бир бале кыларбыз. Ага ашыкпайлы.[[1]]

Мектептеги билеги жоондор

түзөтүү

Окуу жылы башталгандан бери жогорку класста окуган айрым чоң муштумдардын күнү тууп жаткан кези. Ар ким алы жеткенине салык салып, башкалардын эсебинен күн көрүп жүргөн көрүнүштөр көпчүлүгүбүзгө тааныш. Өкүнүчтүүсү, кыздар эркектерден кем калышпай рекэт болуп бараткандары. Лидерликке умтулуп жаткан улан-кыздардын азыркы кездеги мыйзамдарына көз жүгүртсөң, бир чети күлкүнү келтирсе, бир чети таң калтырат.


Окуучулардын арасында кеңири тараган түшүнүктүн бири лидер болуу. Жогорку класста окуган окуучулар алдын-ала кимисине көбүрөөк ишеним артса ошону лидер шайлап алышат да, "тапкан-ташыганын" лидерине өткөрүп берип, чакан казына түзүлөт. Бир класстын лидери болуу аздык кылып, мектепте болгон балдардын башында бийлегиси келген дымактуу неме башкаларга да үстөмдүк кылганга өтөт. Башында эркек балдардын арасында кеңири тараган лидерлик учурда кыздарга жугуп, алар өз мыйзамын орнотууда эркектерден да ырайымсыз болорун угуп-көрүп таң бересиң. Окуучулардын "разборкаларына" катыша албасак да арасында активдүү катышып жүргөн каармандарды таап маалымат алууга аракет кылдык. Жаа бою качып, башына балээни үйгүсү келбеген окуучуларды сөзгө тартуу оңойго турган жок. Шаардагы мектептердин биринде жогорку класста окуган Айтемир кызы Мээрим кыздар арасында болуп жүрчү "разборкаларды" кыскача баяндап берди: "Биздин мектептин кыздарын бириктирип турган сеструхабыз бар. Тартип катуу. Ар бир айда класстагы кыздардын бирөө барып "отметка" кылып турат. Эгер майрамдарга, ошол кыздын же курбуларынын туулган күндөрүнө туш келип калган учурда мурдакыдан көбүрөөк акча чыгарууга туура келет" дейт. Чара колдонуу тууралуу кыздар ойлонмок тургай ниет да кылышпайт. Ызы-чуу кылгандан көрө чыдап сеструхасы окууну бүткүчө күтө тургандары оң. "Ач кулактан тынч кулак" деген принципти балдар да бекем тутунушат. Ич ара сүйлөшүүлөрүн сыртка чыгарууну каалабаган балдар да илең-салаң сүйлөп, көптө чечилишти. "Бир жолу айткан акчасын алып келип бербей түзүк эле таяк жегем" дейт Медет аттуу 9-класстын окуучусу. Ошондо көктүгүмө салып этимдин ооруганына карабай акча бербей койсом деле болмок. Бирок жанымдагы балдар "кругду бузуп жатасың, булар кетсе ордун биз басабыз" деп жатышып көндүрүшкөн дейт. Алгач ата-энесинен акча сурай албай жүрсө, кийин жанына күч келгенде калп айтууну өздөштүрүптүр. Мектепке жыйырма сом, элүү сом керек экен деп жатып бир жумада салынган "салыкты" чогултуп берчү. Салыктын суммасы ар кандай. Жогоруда айткандай, белгилүү даталарда бир топтон 1500 -2000 сомго чейин, аз дегенде 300-500 сомго чейин салык салган учурлар болот. Ошондо бул сумманы эң көп дегенде он окуучуга, аз дегенде беш-алты окуучуга чачыратып төлөтүшөт. Мектеп окуучулардын мындай ээнбаштыгын ооздуктоого мүмкүнбү, дегеле милиция кызматкерлери тарабынан кандай чара колдонулаары тууралуу

Ленин райондук ИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, майор Нурдин ӨМҮРБЕКОВго суроо узаттык.

- Акыркы айларда сиздин райондо мектептеги рекэтчиликке байланышкан канча факты катталды?

- Сегиз ай жыйырма жети күндүн ичинде жыйырма факт катталды. Азыр эле? 42 мектептен дагы бир факт түштү. Кыздардын арасында салык салуу боюнча арызданып жатышат. Бирок балдардын жаш курагына байланыштуу буларга кылмыш ишин козгоо болбойт. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Балдарды көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

- Лекция окуп эле тим болосуздарбы же кандайдыр бир чара колдонулабы?

- Ээнбаштык кылып, салык салган фактылар болсо, ошол окуучуну каттоого алабыз. Биздин катуу көзөмөлдө болот. Эгер эч кандай мыйзамды бузбай, тартип сактаса каттоодон алынат. Кокус тартиби такыр оңолбой, табиятынан тескери жолго түшкөн бала болсо Беловодскидеги атайын мектепке окуганы жөнөтөбүз. Бул жерде жоопкерчилик биринчи кезекте ата-энеде көп болуш керек. Ээнбаштык кылгандардын көбүнүн ата-энеси чет жакта иштеп жүргөндөр болот. Бала өз билгенин кылып лидерлик үчүн ат салышып жүрө берет.

- Ошентсе да бул ишке бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк барбы?

- Ал үчүн факты керек. Алган акчаларынын номерине чейин жазып алып, далилдешиң керек да. Көп учурда мени тоноюн деп жатат, менден акча алып жатышат деген куру даттануу болуп калып жатат. Кээде ошондой кырдаалда айткан жерге барып иш үстүнөн чыккан кездер деле болот. Булагы:[[2]]

Кумар оюндарынан кутулаар кез келди

түзөтүү

Кыргызстандагы кумар оюндары-казино, оюн автоматтары көп көйгөйдү жаратып келе жаткандыгы байма-бай айтылып келген. Бул оюнга азгырылгандар кайра андан суурулуп чыгып кете албай жаткандыгын айтып келишет. Ал тургай аягы адам өмүрүнүн кыйылышына, жашоодон ордун жоготуп алышына чейин барып жатканын айтып көз жаш төккөн эне, түгөйүн жоготкон жар муңканат.


Депутат Бакытбек Жетигенов "Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап, депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон. Демилгечи депутат мыйзам долбоору коомчулук тарабынан көптөгөн кайрылуулар болуп жаткандыктан улам жана оюн-зоок иштери жаш муундарды терс жүрүм-турумдарга тартып жаткандыктан улам көтөрүлгөндүгүн белгиледи. Талкуу маалында казинолорду чек арага жылдыруу боюнча дагы сунуштар түштү. Бирок, депутаттар тарабынан мындай сунуш колдоого ээ болгон жок. Мындай сунушту колдобогондор чек ара аймактарында криминалдык жагдайлар түзүлүшү мүкүндүгүн эскертишти. Элдин турмушун жакшыртуу багытында иш кылышыбыз керек деген депутат Алтынбек Сулайманов оюн-зоок залдарын таптакыр жабуу зарылдыгын ортого салды. Республикалык бюджетке оюн-зоок залдарынан 500-600 миллион сом түшпөй калышы мүмкүн деген ойлор Ю.Тойчубеков жана КР өкмөтүнүн өкүлү тарабынан дагы айтылды. Бул жагдайда депутат Абдыжапар Бегматов оюн-зоок залдарынан жапа чеккен үй-бүлөлөрдүн көз жашы, жанын кыйгандардын жакындарынын көз жашы 500-600 миллион сомдон артык тураарын кошумчалады. Ушундан кийин эле 29-сентябрда Акүйдүн алдына казиночулар топтолуп чыгып митинг уюштурушту. Алар колдоруна "Сулайманов каракчы", "Жетигенов чык" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Жогорку Кеңештин ошол эле күнкү отурумунда Кыргызстанда кумарканалардын ишине тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору үч окулушта тең кабыл алынды . 107 депутат, башкача айтканда дээрлик көпчүлүк буга макул болуп, колдоп беришти. Буга чейин казино, оюн автоматтарын жабууну келерки жылдын 1-июлунан тарта деп сунушталган бирок көпчүлүк 1-январдан баштап эле жабыш керектигин айтты. А лага эмес депутат Каныбек Осмоналиев ушул күндөн тартып жабылсын деп айтып чыкты. Эми бул мыйзам долбоору президентке жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчысы туура деп таап, кол койсо, мыйзам ишке ашырыла баштайт. Казинолордун, оюн автоматтарынын азабын тартып, балдары, жакындарынын тынымсыз кайрылуусунун негизинде мындай кумар оюндарына тыюу салууну, жабууну коомчулукка алып чыккандардын бири Сезим кризистик болборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова болгон. Эже менен байланышып, жаңы мыйзамдын колдоого ээ болушуна кандай ойдо болуп жатканын сурадык.

Бүбүсара Рыскулова:

- Бизге ушул кумар оюндарына берилип кеткен адамдардын жакындары арыз-армандары менен кайрылышып, энелер көз жаш төгүп келишкен. Алардын мүдөө-талаптарын жалпыга алып чыгып, акцияларды өткөрүп жүрдүк. Бүгүн Акүйгө биз дагы барып комитеттин чогулуштарына катышканбыз. Митингге чыккандар мени аз жерден сабап кое жаздашты, аферист, грант алып жыргап жатасын деген сөздөрдү айтышып, кыйкырып атышат. Ал эми ушул кумар оюндарына жакындары кирип кетип азап тарткан апалардын бири айтат, бирөөлөргө эки саатка митингге чыксаң беш жүз сом деп соодалашыптыр дешип. Арасында чындап эле ашканасында иштеп, полун жууп, тегерегин тазалап акча таап аткандар бар, бирок аларга мен айттым, "Эгер казинолор жабылып калса башка бир нерсе ачылат, элге керектүү нерсе ачыш керек да, кайра эле иштейсиңер. Бул кумар оюндары канча адамдын өмүрүн кыйып, канча энелердин көз жашын төктүрүп, канчалаган балдарды жетим калтырып, көп адамды психологиялык кыйынчылыкка алып келип жатат" деп. Ачууга алдырып, кыйналып жүргөн казинолордон жапа чеккендери менен берки топту сүрүштүрүп, ортодон кагылыш кылып албайлы деп биздин тараптагыларды митингге чыгуусун токтотуп, атайын комиссия катары кырктай киши гана бардык. Негизинен баардыгы мыйзам ченемдүү болушу керек . Кара-Балтада атайын асосация түзүп алган балдар бар, алардын карамагында 6 казино бар экен. Жашыруун жасагандар көп болуп атат, эгер мыйзам кабыл алынып калса ар бирин чачтан сууруп чыгууга даярбыз деп турушат. Ыйман деген болуш керек, убал-сооп деген бар. Жалаң акчанын артынан түшө берген менен канча психологиялык, моралдык кыйроолор болуп жатат. Казинолорду жабууга каршы митингге чыккандар артыбыздан кууп милициялар ортого түшүп араң кеттик. Мен ойлоп атам, биз кичинекей уюм эле болуп жатабыз, атайын комитет түзүп, иш алып барсакпы деп. Бул карапайым адамдардан чыккан ой. Үй-бүлөдөгү ынтымакты, баалуулуктарды сактап калыш керек.

Мындан тышкары коомчулукта кумар оюндарынын калыбында калышын каалап, айтылган мыйзамга каршы чыгып жаткандардын артында кимдер болушу мүмкүн деген суроолор да жаралып келет. Анын үстүнө бул учурга чейин казино, оюн автоматтарынын өлкөбүздө мынчалык көп экендиги ачык билинбей келген. Эми көтөрүлүп чыгып, 15 миң адам ишсиз калат деп какшап тургандары менен канчаларды татынакай тагдыры талкаланып жатканын алар эске алышкан жок. Булак:[[3]]

Жаштар, Ош базары, бийлик

түзөтүү

Тамак ашты канчалык баалуу сапатта, убагында ичип, өзүңдүн саламаттыгыңа көз салсаң ден-соолугуң да чың болот. Кыз-келиндер тамак жасагандын түркүн сырларын чындап эле анчейин биле беришпейт. Майда иш деп көп көңүл бөлүшпөйт. Ал турсун айрым кыз-келиндер өздөрүн тың, таза алып жүрүшкөндү билишпегенин көрүп зээниң кейийт. Айтсаң жаман көрүшөт. Азыркы жаштардын дээрлик көпчүлүгү жалкоо, жеңил оокатка көнүшкөн. Аларга туура тарбия бербеген ата-эне күнөөлүү. Анткени алар кичинесинен эмгекке, өз алдынча аракет жасоого үйрөтүп, жол көрсөтүшкөн эмес. Бирөө келип жардам берсе деп жардам күтүп отура беришкен жаштар бар. Көчөдө топ-топ болушуп арак ичишип, мушташкан жаштар, уруулук жана башка кылмыш иштерин жасашкан да жаштар. Жаштардын билимсиз, тарбиясыз жапайы тобу өсүп келе жатканын көрүп элибиздин келечеги үчүн абдан корком. Кыргыз элинин келечеги болгон жаштардын азыркы абалын көрүп туруп абдан зээним кейийт. Жаштардын маселесин чечип, аларга көңүл бөлүп, Өкмөт алгылыктуу иш алып барбаса кийин кеч болуп калат. Кылмыштуулук өнүп гүлдөгөн өлкө болуп калышыбыз мүмкүн. Азыркы кездеги мамлекетибиздин абалы деле жүрөк титиреген абалда экенин эч ким тана албайт. Мамлекет башчыларыбыз башка мамлекеттерден кайыр сураганы сураган. Ал карызды ким төлөйт. Бизден кийинки урпактарыбыздын абалын ойлогон эч ким жок. Келген акчалар каяка жумшалып жатканын ачык айткан эч ким жок. Эл ишенген атка минерлерибиз бири-бири менен жулмалашып, бирин-бири ушакташып элди унутуп коюушту. Парламентибизге көчөдө жүрүшкөн айрымдар кирип алып, депутаттардын салмагын күндөп түшүрүүдө. Депутаттарга жана мамлекеттик кызматчыларга эл ишенбей калды. Эки жыл болуп калса да көзгө көрүнөрлүк эч кылбаган Өкмөт эми элге эмне иш жасап берет. Азыркыларга дагы канча убакыт керек. Президентибиз отставкага кетсемби деп турат деп гезиттер жазып жатышат. Жылдыз Жолдошева деген бакыйган депутатыбыз үй-бүлөмдүн коопсуздугун сактап бергиле деп ыйламсырап турат. Деги биз кайсы тарапка бара жатабыз… Сыртка кеткен мигранттарыбыздын саны күндөп өсүүдө. Мамлекетибиздин ичинде Ата Мекендик согуштагыдай болуп карылар менен балдар, алсыздар, колунда жок кедейлер калды. Жетекчилердин Ош базарынан башка эрмеги жок. Кичине эле колдору бошосо Ош базарын кубалашат же базардагыларга куруп койгон базары жок. Кыргызстан мамлекети чоң сахнага, кыргыз деген элибиз таланттуу актерлорго айланып калды. Билермандарыбыз бизди кайда эрчитип барып кайсы көргө салышат ай ким билет?... Элдин убалынан корккула. Элдин жинине тийбегиле. Элдин келечегин ойлогула. Дүйнө эли карап турат. Бул Кыргызстан деген мамлекетти бөлүп алып, элин кул кылалы деген арам ойлор менен тостойуп тиктеп турушат. Аныбыз аз болгонсуп бири-бирибизди алдамай, бөлүнмөй заманга туш болдук. Буга ким күнөөлүү? Жыргатабыз, укмуш жашоону куруп беребиз дешип бийликке келип, эч нерсе жасай албай тытышып отурган бийлик күнөөлүү, булар да жыргатпай калышты… Карапайым элибиздин шору көп экен…

Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт

түзөтүү

23- сентябрда дале там-туң абалдагы кыргыз тилдин Мамлекеттик тил болуп мыйзам аркылуу кабыл алынгандыгына 20 жыл толду. Ачык айтканда, постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен жалгыз Кыргызстанда гана титулдук улуттун тилинин багы ачылбай койду. Бизде мамлекеттик тилди билбегенине карабай бакыйган кызматта жүргөн "киргиздер" толо. Канча жылдан бери галстук тагынып, папке көтөрүп жүргөнүнө карабай эне тилинде эки ооз сөздү тыңгылыктуу сүйлөй албай жүрүшөт.

Тили да "темир" беле? Акаевдин кезинен бери келаткан Феликс Кулов тил билбегендердин анабашында. Бирок, ошого карабай, бийик даражалуу кызматтарды аркалады. Аракет кылып, бир топ эле үйрөнүмүш болду. Сөз запасы аз болгону үчүнбү башын кыргызчалатып келип эле көнгөн орусчасына түшүп кетет. Акыркы убактарда бул Феликс мырзанын ыкмасына айланып калды. Президенттик шайлоодо Акаевге атаандаш болуп, кыргыз болуп туруп кыргыздар менен сүйлөшө албай аябай эле кыйналып, жүдөгөн. Саясый, депутаттык ишмердиги эле кыргызча эптеп-септеп божураганга мажбурлабаса, үйүндө, башка учурларда жалаң орус тилинде сүйлөйт. Бу сапар деле ажолукка аттанмак. Тил сынагынан өтпөсүн билип, убара болгусу келбеди окшойт.

Сүйлөгүсү да, үйрөнгүсү да келбеген Митингчилерге колунун манжаларынын ортосунан баш бармагын көрсөткөнүнө корстон болгон Мурат Суталинов деген министр, башкы чекист бар эле. Турмуштук деңгээлде кыргызча эптеп-септеп чалдырайт. Өкмөт жыйындарында, депутаттар алдында жалаң орусча сүйлөчү. Кыргызча сүйлөсөңүз дегендерге мыйыгынан, ууртунан шылдыңдагансып күлүп койчу. Мамлекеттик тилге өтө кайдигер мамиле кылгандардын башында эле десек болот. Баарыбир Кыргызстандан зуу коерун алдын ала билгендей мамлекеттик тилде сүйлөгүсү да, үйрөнгүсү да келген жок.

Маймылга теңелген чиновник айым Дайыма көз айнектин артынан сүзүлүп жүргөн Назгүл Ташпаева деген мурдагы чиновник айым бар. Бакиев учурунда Социалдык жактан коргоо министри болуп иштеп жүрдү. Мамлекеттик тилде нөл. Турмуштук деңгээлде оюндагысын айта албайт. Ошентсе да ЖК депутаттарынын чектен сырт жемелерин, кагууларын угуп, баарына чыдап иштеп жүрдү. "Акжолчулар" не деген гана сөздөрдү айтышкан жок. Атүгүл бир акжолчу депутат Назгүл айымды тил билбегени үчүн маймылдан төмөн эсептеген. Атайын мугалим жалдап, үйрөнүп жатканын айтып чыккан бир ирет. Бирок мамлекеттик тилде сүйлөөдө кымындай да жылыш кыла албады.

Тилге кол шилтеген Байгуттиев Бакиев учурунда банк системасынан Жеңишбек Байгуттиев деген пайда болуп, экономикалык тескөө министри болуп иштеп калды. Заты эле кыргыз болбосо, орусча түш көрүп, орусча сүйлөп, орусча сөккөндөрдөн. Мамлекеттик тилди билбейт. Мамлекеттик тилдеги иш кагаздары менен иштөөнү такыр билбегендигин министрликтегилер айтып жүрүштү. Жогорку Кеңешке келгенде кыргызча суроолорго 5 жаштагы баланын деңгээлинде сүйлөп киргенде, эл өкүлдөрү аргасыздан орусча жооп берүүгө макул болушчу. " Мугалим жалдап, тилди үйрөнсөңүз боло" дегендерге кол шилтеп, кайдигерлигин көрсөтүп койгондугун жанында жүргөндөр кобурап калышар эле. Бакиев бийлиги кулабаса, дагы бир мекемени орусташтырып жүрмөк.

Мамлекеттик тилдин түбөлүк оппонентиби? Ар качандан бир качан кыргызча сүйлөсөң орусча жооп берген мурдагы тышкы иштер министри бар. Эднан Карабаев деген. Кыргызчаны билсе да негедир мамлекеттик тилде сүйлөгүсү келбейт. Жалаң расмий тилин колдонот. Мамлекеттик тилди жээригендердин көрүнүктүүсү десек болот. Министр болуп иштеп жүргөндө сырттан келген конокторду жалаң расмий тилде тосуп алып, узатчу. Кыргызча сүйлөбөйсүзбү дегендерге терс жооп узатат. 20 жылдан бери мамлекеттик тилге болгон мамилеси оңолбой койду. 90-жылдардын башында кыргыз тилин үйрөнүштүн зарылчылыгы деле жок десе, азыр деле ошондой пикирде.

Азыркынын чала кыргызы Азыркынын мамлекеттик тилге кыянат мамиле кылгандарынын эң көрүнүктүүсү - салык кызматынын төрагасы Бактыбек Аширов мырза. Кыргызчаны турмуштук деңгээлде эптеп-септеп чалдырайт. Жумушунда, башка учурларда жалаң орус тилин колдонот. Салык кызматында иш кагаздары жалаң расмий тилде жүргүзүлөт. Жыйын, чогулуштардын бардыгын расмий тилде өткөрөт. Жогорку Кеңешке барганда да докладын орусча жасап, жоопторун расмий тилде берет. Кыргыз тилинде эле сүйлөгүсү келет, аракет эле кылымыш болот. Бирок такыр эле окшошпойт. Билбесе башка эмне кылсын анан. Үйрөнөйүн, өздөштүрөйүн деген ой азырынча анда жок.


Жогорудагы мурдагы, кийинки чиновниктер мамлекеттик тилди билишпейт, калгандары билишет дегенден алыспыз. Болгону булар 10 жыл окутуп, чокутсаң да жукпастардан. Же тилди кабыл алгысы келбегендер. Азыркы бийлик арасында да мындайлар толтура. Эгерде министрлик, ведомстволор үчүн да тил сынагы алынса, анда азыркылардын көбү өтпөй калышмак. Ал эми Амангелди Муралиев, Зайнидин Курманов, Кабай Карабеков ж.б. 90-жылдардын башында тилди билишпесе, үйрөнүп, өздөштүрүшүп, азыр салыштырмалуу жакшы сүйлөп калышты.

Бийлик

түзөтүү

Бийлик Эсимде турат, 1991- жылы СССР деген улуу держава кулап, союздук республикалар өз алдыларынча эгемен мамлекет болушуп бөлүнүп кеткенде орустун бир тарыхчысы "Борбордук Азия мамлекеттеринин жетекчилери феодалдык мезгилдегидей бийлик талашып, ошондон баштары чыкпай жүрө беришет" деп айтканы. Чынында ошондой болду. Казак, Өзбек мамлекетинин жетекчилери бийликтен кетмек турсун, мураскор издеп жатышат. Түркмөндүн экс-президенти Ниязовдун ажалы жетпегенде ал өмүр бою президент болуп жүрө бермек. Тажикстандагы 1992 -1994-жылдардагы граждандык согуш жалаң бийлик талашуулардын кесепетинен чыкканы азыркы президент И. Рахмонго сабак болгон жок. Себеби, ал бийликтин даамын татып калды. Кыргызстандагы 2005-жана өткөн жылдагы көтөрүлүштөр Акаевдин, канкор Бакиевдин бийликти колдон чыгаргысы келбегендигинен улам келип чыкканын ким тана алат? Азыркы президенттик шайлоодо алдыга озуп чыкчу болжолдуу талапкерлердин дарты деле бийлик. Булар буга чейин эки режимдин балдуу аягынан аш ичишип, бийликтин таттуу даамын татып калышкандар. Булар элге синген кадырынын, урматынын терең ишеничинин күчү менен эмес акчанын, аймактык куру намыстын күчү, адамдардын аң-сезимин манипуляция менен жеңишке жетүүнү көздөшүүдө. Болбосо бул талапкерлер: "улуттук биримдикти сактайм", "түндүк, түштүккө бөлүнүүчүлүккө жол бербейм!" деген сөздөрдү байма-бай айтышмак эмес. Бу байракка окшогон жалпылдаган жалындуу сөздөр тек добуш алуунун амалы экени кимге болсо да сезилип турат.

Мухамбет пайгамдардын бир хадисинде: "кимдир бирөө эл бузулуп кетти деп айтса, ошол айткан адамдын өзү бузуку" демекчи, бийлик талашкандар гана элди экиге бөлгөнү жалпы кыргызга маалим эмеспи. Короз кыйкырбаса таң атат. Президенттике талапкерлердин айрымдары улуттук биримдикти, түндүк-түштүк маселесин байрак кылып көтөрбөсө да, эл баары бир бүтүндүктү, бир мамлекетти түзүп турат. Тескерисинче бийлик талашкандар добуш алыш үчүн гана убактылуу ырбатып келишет. Кыргыздын бөлүнбөстүгүн өткөн жылкы түштүктөгү кандуу окуялар далилдеди. Ошол кезде Бишкекте түштүктөгү боордош, кандаштарына жардамга барганга Убактылуу өкмөттөн унаа уюштурууну талап кылышып Ала - Тоо аянтында Теңир-Тоолук, Таластык, Ысык- Көлдүк жүздөгөн, миңдеген жаштар жүрүшкөнүнө өзүм күбө болгом, эки күн катары менен. Ошол эле кезде Бишкектин тургундары миңдеген тонна азык-түлүк, тиричилик башка оокаттарды дароо жыйнап, түштүкө жөнөтүп жатышты. Ал кезде азыркы президенттикке талапкерлер сыяктуу "улуттук биримдик", "түндүк - түштүк бөлүнбөгүлө, жардам бергиле, бириккиле!"- деп эч ким чакырык таштаган эмес. Тек, табигый ички сезим менен түндүктүн эли өзүлөрү ойгонушкан. Айтмакчы, түштүктө кан төгүлүп, өрт каптап турган кезде УТРКнын студиясынан кыйла жыл бою бийликтин даамын таткан, түштүктүн кулуну болгон бирөө ( Ал азыр президенттике талапкер болгон соң атын атабадым. Себеби, анын абройуна шек келтиргендей болуп калам ) жаагын жанып кандуу окуя туурасында сүйлөп жатты эле, берүүнүн алып баруучусу - "ОШ тарапка барайын деп жатасызбы?" - деп суроо узатса ал, "барайын дедим эле, бирок ушул азыр самолеттун баасы эки, үч эсе көтөрүлүп кетиптир" деп жооп берди. Киндик кан тамган жерин өрт каптап, өстүргөн эли кан жутуп жатса, ал жакка барганга акча таппаган ошол эргул эми президент болууга акча таап, шайлоого катышып жатат. Мына, бийликтин кумары. Кыргызстанда бийликке умтулуу кадыр эсе эле кумарга айланып кеткен, небак эле. Бийлик кумарпоздору үчүн: эл, мамлекет, экономика,саясат, келечек - деген түшүнүктөр алардын колундагы фишкалары, карталары. Неси болсо да 3 күндөн кийин тигил же бул талапкер үчүн добуш берилип шайлоо өтөт.

Макала жазуу

түзөтүү

Саламатсызбы, урматтуу Grafleks! Аракетиңзге чоң рахмат! Сиз киргизген макалалар 1) Интернеттен алынган. Жамаат порталында "3.1.1 Башка сайттардан маалымат" - бөлүмүндөгү сунушталган жобого ылайык андай макалалар эсепке алынбайт. 2) Макалалар энциклопедиялык мазмунда, нейтралдуу мүнөздүү болууга тийиш. AidaBishkek 09:29, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2011 (UTC)