Кызыл-Эшме
Кызыл-Эшме, Чоң-Алай району — Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыштак. Чоң-Алай айыл округуна караштуу. Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээли 2500 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 11 км. Ош темир жол бекетинен 325 км. Кыштак 1950-ж. негизделген. Орто мектеп, китепкана, мечит бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, ФАП, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.
Отурукташкан жай
Кызыл-Эшме
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 1515 киши[1], негизинен мал менен алектенип, дыйкан чарбасында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9