ЛГБТ - жамааты же queer коомчулугу (англ. LGBT-community, queer community ) – лесбиянкалардын, гейлердин, бисексуалдардын, трансгендерлердин (ЛГБТ) жана башка сексуалдык азчылыктын жалпы кызыкчылыктарын коргоо максатында бириккен коомчулугу. Ал ар кандай байланыш топторунан, жамааттардан, субкультуралык кыймылдардан, квирдик кварталдардан жана квир уюмдардан турат.

ЛГБТ-коомчулугу желеги

Символизм түзөтүү

ЛГБТ коомчулугу жана ЛГБТ адамдар үчүн укук коргоо кыймылдары өздөрүнүн өзгөчө символикасына ээ. Бул белгилер келип чыгышы жана мааниси боюнча айырмаланып, квирлердин айтымында бул белгилер өзүн-өзү таанышына жана басмырлап, кысым көрсөткөн тараптар алдында, өзүнө болгон ишенимди жана өзүн-өзү сыйлоо сезимдерин жогорулатып турат. Алар коомчулуктун биримдигин, ачыктыгын, сыймыгын жана жалпы баалуулуктарын көрсөтүп турат. Квирдик символдор мурда маргиналдашып, көлөкөдөгү коомчулуктун көрүнүктүүлүгүн жаратууда маанилүү роль ойнойт. Алардын эң белгилүүлөрү асан-үсөн желек жана кызгылт үч бурчтук [1] .

20-кылымдын экинчи жарымына чейин көптөгөн коомдор сексуалдык ориентациянын көпчүлүктөн айырмаланышы күнөө же оору белгиси деп эсептешкен жана көптөгөн өлкөлөрдө бул мыйзам менен жазаланган. Гомо жана бисексуалдар кордоодон, түрмөгө түшүүдөн, атүгүл өлүмдөн качуу үчүн жашынууга аргасыз болушкан. 1960-жылдардын аягында, Америка Кошмо Штаттарында контркультуралык, феминисттик кыймылдардын жана кара жарандык укуктар кыймылынын активдүү өнүгүүсүнүн фонунда, queer коомчулугунун өзүн-өзү аңдоосу жана ЛГБТ адамдар үчүн адам укуктары кыймылынын өнүгүшү башталды, ал болсо өзүн таануу жана биримдикти чагылдыруу үчүн жаңы символдорду түзүүнү талап кылган.

Тең укуктуулук үчүн кыймылдар түзөтүү

Сексуалдык жана Гендердик азчылыктардын Укуктары үчүн Кыймыл – жарандык коомдук кыймылы, ал кыймылдар queer коомчулугунун адам укуктары сакталышын камсыз кылууга жана аларды коргоого багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана анын өкүлдөрүнүн коомдогу социалдык адаптациясына көмөктөшүүгө багытталган. Сексуалдык жана гендердик азчылыктар үчүн адам укуктарын коргоо кыймылынын каршылаштарынын арасында гомосексуализмге каршы кыймыл деп аталган түрдүү саясий жана диний уюмдар жана кыймылдар бар.

Квир жарандардын укуктары бир жыныстуу нике мызамдаштырылгандан баштап, бир жыныстуу өнөктөштүк, түрмөгө кесилүүгө жана өлүм жазасына чейин ар башка өлкөдөрдө ар түрдүү айырмаланат.

Квир жарандарга тийиштүү мыйзамдарга (бирок алар менен чектелбейт): мамлекеттин бир жыныстуу мамилелерди таануусу, куралдуу күчтөр органдарында ачык кызмат өтөөнүү мыйзамдаштыруу, бир жыныстуу үй-бүлөлөр тарабынан балдарды асырап алуу же кабыл алуусу, иммигранттарды кабыл алуу жана дискриминацияга каршы мыйзамдар, квир коомчулугунун өкүлдөрүнө жек көрүүнүн кесепетинде келтирилген кылмыш иштерине бөгөт коюу.

Нике теңдиги түзөтүү

Теңдик үчүн кыймылдарынын негизги максаттарынын бири бул бир жыныстуу никелерди мыйзамдаштыруу болуп саналат. Бир жыныстагы никелер " бир жыныстуу жарандык өнөктөштүктөн " жана никеге салыштырмалуу көп учурда юридикалык жактан олуттуу чектөөлөргө ээ болгон бир жыныстуу союздардын формаларынан мыйзамдуу түрдөгү никелерди айырмалай билүү туура.

Никени каттоо фактысы жубайлардын ар кандай спецификалык укуктарын камсыздайт: биргелешкен мүлккө болгон укук, алимент алуу укугу, мурастык укук, социалдык жана медициналык камсыздандыруу, жеңилдетилген салык салуу жана кредиттөө, ысымга укук, күбөлөндүрбөө укугу. Жубайга карата сот, жубайынын ден соолугунун абалы боюнча аракетке жөндөмсүз болгон учурда анын ыйгарым укуктуу өкүлү катары чыгуу укугу, каза болгон учурда жубайынын сөөгүн жерге берүү укугу, чогуу ата-эне болуу жана асырап алынган балдарды тарбиялоо укугу жана катталбаган өнөктөштөргө ажыратылган башка укуктар.

Бир жыныстуу никеге каршы тараптар салтка жана диний нормаларга ылайык, эркек менен аял гана нике кура алат деп эсептешет, демек, гейлердин, лесбияндардын жана бисексуалдардын аларды бирдей укукту таануу талабы акылга сыйбаган нерсе жана гомо-, би- жана гетеросексуалдардын тең укуктуулугу жөнүндө гомосексуалдар менен бисексуалисттерге болуп көрбөгөндөй жаңы укук берүү жөнүндө биз сөз кылбайбыз дешет. Канада, Голландия, Испания, Франция, Португалия, Швеция, Норвегия, Исландия, АКШ жана башка кээ бир өлкөлөрдө мындай нике мыйзамдуу деп таблса, дүйнөнүн көпчүлүк башка өлкөлөрүндө бир жыныстуу нике мыйзамсыз деп табылып келет.

Бир жыныстуу никелерди жактоочулар никени каттоо диний нормалардан көз карандысыз юридикалык иш-аракет экенин белгилешет (заманбап мамлекеттердин көбүндө нике мамилелерин юридикалык каттоо менен чиркөөнүн каттоосу өзүнчө жүргүзүлөт) жана мыйзам социалдык өзгөрүүлөрдү ээрчиши керек, ага мисал адамдардын ортосундагы теңсиздикке алып келчү мыйзамдарды жоюуга болуп саналат, бул көрүнүш акыркы жүз жылдардан бери байкалып келет. Никени каттоого коюлган тыюу салуулар акырындык менен жоюлууда (мисалы, ар кандай социалдык класстарга, диндерге же расага таандык болгон жубайларга коюлган тоскоолдор). Ошол эле учурда алар никеге туруу укугун адамдын ажырагыс укуктары катары, психикалык жана физикалык ден соолук укугу жана мыйзам алдында тең укуктуулук призмасы аркылуу карашат.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Linda Rapp. Symbols(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). An Encyclopedia of Gay, Lesbian, Bisexual, Transgender, and Queer Culture. Текшерилген күнү 6 -ноябрь (жетинин айы) 2011. Түп булактан архивделген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2012.

Адабият түзөтүү

  • Stephen О. Murray. Community // Encyclopedia of Homosexuality : [англ.] / Eds. Wayne R. Dynes[en], William A. Percy[en], Warren Johansson[en], Stephen Donaldson[en]. — N. Y. : Garland Publishing, 1990. — P. 258—260. — 1522 p. — ISBN 0-8240-6544-1.