Согд облусу
Согд облусу - Тажикстанда, 1970-ж. 23-декабрда уюшулган түндүктөгү облус. Совет доорунда Ленинабад облусу деп аталган. Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешет.
Өлкө | |
---|---|
Административдик борбор |
Кожент (Хужанда) |
Башчысы |
Абдурахмон Кодири |
Расмий тили | |
Калкы |
2 508 500 |
Жыштыгы |
98,8 адам/км² |
Улуттук курамы |
тажиктер — 84,0 %, өзбектер — 14,76 %, орустар — 1,3 %, кыргыздар — 0,58 %
|
Коду ISO 3166-2 |
TJ-SU |
Индекси FIPS |
TI03 |
Телефон коду |
+992 3422 |
Аянты 25 400 км2.
Калкы 2 508 500 (2016). Облуста 14 район, 8 шаар, 22 ш. т. ири кыштагы бар.
Борбору — Кожент (тажикче: Хужанда) ш. Л. о. респ-канын түн. бөлүгүнөн орун алган.
Түндүгүндө Курама (бийикт. 3769 метрге чейин), Могол-Тоо (1624 м), түштүгүндө Түркстан (5509 м), Заравшан (5489 м) ж-а Гиссар (Ысар) кырка тоолору жатат.
Курама м-н Түркстан кырка тоолорунун ортосунда Баргана өрөөнү, Заравшан м-н Түркстандын ортосунда Заравшан өрөөнү жайгашкан. Климаты континенттик, кургак.
Январдын орт. температурасы — 1,1°С,— 9°С, июлдуку 15—28°С; жылдык жаан-чачыны 150—800 мм.
Ири дарыясы: Сыр-Дарыя, Заравшан. Чоң көлдөрү: Искендер-Көл, Өксүкөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4.
Лактация - Пиррол. -656 б.