Ленин (Сузак району)

Ленин, Сузак району‎»‎ барагынан багытталды)

Ленин (кырг. Ленин) – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагынын борбору. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1951-ж. негизделген. Калкы 2461 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Лицей, орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, байланыш бөлүмү, эс алуу паркы бар. Шарап заводу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер жана башка иштейт. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп да аталат.

Отурукташкан жай
Ленин
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад областы
Район Сузак району
Айыл аймагы Ленин айыл округу
Координаттар 41°01′15″ с. ш. 73°03′30″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1951
Борборунун бийиктиги 905 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2461[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Ленин (Сузак району) (Кыргызстан)

Калкы - 2 461 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub

Булактар

түзөтүү