Ленин (Сузак району)
Ленин (кырг. Ленин) – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагынын борбору. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1951-ж. негизделген. Калкы 2461 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Лицей, орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, байланыш бөлүмү, эс алуу паркы бар. Шарап заводу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер жана башка иштейт. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп да аталат.
Отурукташкан жай
Ленин
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 2 461 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.