Май (Манас району)
Май (кырг. Май) ― Кыргызстандын Талас облусунун Манас районундагы айыл. Май айыл аймагына кирет. Кызыл-Адыр тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 626 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 16 км батыш тарапта. Жамбыл темир жол станциясынан 30 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Орто мектеп, китепкана, медпункт, бала бакча бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Отурукташкан жай
Май
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 3 984 киши[1]; негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Таласская область. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7