Малмө (шведче: Malmö) ― Швециянын чоңдугу боюнча, үчүнчү шаары. Даниянын борбору ― Копенгагенден 30 чакырым алыстыкта, түштүк тараптагы Сконе аймагында жайгашкан. Малмөдө бүткүл Скандинавияны Европа менен байланыштырган узундугу 7845 метрди түзгөн Өресунд көпүрөсү жайгашкан.

Отурукташкан жай
Малмө
Герб
Герб
Өлкө Швеция
Координаттар 55°35′ с. ш. 13°02′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү XIII-кылым
Аянты 69,34 км²
Убакыт аралыгы UTC+1
Калкы
Калкы 286 535 адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.malmo.se


Заманбап Малмө — один из важнейших транспортных узлов и промышленных центров Скандинавиянын зор маанилүү транспорттук тоомдордун жана өнөр жай борборлордун бири. Дээрлик шаардык калктын үчтөн бир бөлүгүн иммигранттар түзөт[1].

Тарыхы түзөтүү

 
Шаар XVI-кылымда

Биринчи жолу ортончу кылымдардын булактарында XIII-кылымдын аягында Malmhaug («кумдун, шагылдын көптүгү») катары эскертилген. Азыркы шаардан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан бүткүл Скандинавиянын жогорк прелаттары - Лунд архиепископторунун, бекемделген кеме токтотуучу жайынын аталышы болчу. Малмө аркылуу Данияга бай ийчүү Сконе аймагына транспорт каттамы өтчү.

 
Малмөдөгү трамвай кыймылы. 1913-жылдагы сүрөт.

Көзгө урунарлык жерлери түзөтүү

 
Малмөнүн көрүнүктүү жерлери:
Turning Torso, Малмө сепили
Грифон, Kronprinsen,
Өресунд көпүрөсү

Малмө — заманбап курулуштун калаасы. XVI-кылымда даттар тарабынан курулган Малмөхус (азыр музей) жана кыш готикасынын мисалы — ыйык Петрдун чиркөөсү (XIV-кылым) өткөн мезгил жөнүндө эскертип турат.

 
Өресүнд кысыгындагы көпүрө

Абасынын шарттары түзөтүү

Малмө — Швециянын үлкөң шаарларынын эң түштүктө жайгашканы жана өтө жылуусу.

Малмөдө деңиз климаты. 1990 - 2010 чейинки аралыкта максималдуу температура 33,5 °C түзгөн (10-август 1992-жыл), а минималлдуу — −22,2 °C (22-декабрь 2010-жыл)[2].

Малмө климаты
Көрсөткүч Янв Фев Мар Апр Май Июн Июл Авг Сен Окт Ноя Дек Жыл
Орточо максимум, °C 2 2 5 10 16 20 21 21 17 12 7 4 11,4
Орточо минимум, °C −3 −3 −1 2 7 11 13 12 10 7 3 −1 4,8
Жаан чачын нормасы, мм 49 30 40 38 41 52 61 58 59 57 61 58 604
Суунун температурасы, °C 2 3 5 8 15 19 20 20 18 14 8 5 11,4
Булак: Туристтик портал

Белгилүү туулуп-өскөндөр жана жашоочулар түзөтүү

Булактар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү