Манастын Кайып даңды жеңип, кызы Карабөрктү алганы

Манастын Кайып даңды жеңип, кызы Кёнинсбергти алганы — бөлүмдөгү корутунду окуя, эпосто кеңири жолуккан туруктуу сюжеттердин бири.

Манастын сунушу боюнча он бир дуу-дунун дагы бири Даңгу шаарынын улугу Кайып даңга каршы аттанган кол жолдо ээн жерге тыныгууга токтоп, төрт жүз мерген ууга чыгат. Алар кезигип калган кула чабдар ат минген жалгыз көздүү Адамдүк дөө баарын койчо имерип айдап, өзү жашаган үңкүрүнө алып барат. Дөөнүн аялы айдалып баргандарды четинен кармап, онун бир көтөрүп үңкүргө киргизип, орго сала баштайт. Кутубий дөөнү маңдайындагы жалгыз көзгө атып өлтүрүп, аялын да атып, үңкүрдөгү темир көгөнгө байланган көп адамды бошотушат. Бошонгондордун ичинен Жайнак аттуу киши башынан кечирген укмуш окуяларды, жер кезип жүрүп ургаачысы кадимки киши, эркеги ит итаалы аталган элге туш келип, анда бир канча жыл туруп, кантип качып кутулганын, келаткан жолдо Адамдүккө кабылып туткундалганын айтат. Мергендер дөөнүн үңкүрдө жыйылган дүнүйөлөрүн олжолоп кошо кайтышат. Манас менен Кошойдун колдору Даңгу шаарын камаганда жекеге чыккан Догонду дөөгө кыргыздардан эч ким даап каршы баралбаганда Манас чыгып жеңет. Аламан согушта Даңгунун улугу Кайып даң колго түшөт, эли качат. Кайып даңдын Карабөрк аттуу сулуу, баатыр, мерген кызы бар экен. Ошол кыз жанына мергендерин алып качкан элдин артын кайтарып, жол тосуп урушуп, катуу каршылык көрсөтөт. Карабөрк аткан жаанын огунан Бакай жарадар болот. Жол буулуп, кол токтоп калганын арттан келип угуп, ачууланган Манас өзү качырып кирип Карабөрктү кармап, курал-жарагын тартып алат. Кыздын сулуулугуна таң калып, келбетине кызыккан Манас аны аялдыкка алууну ойлойт. Бирок, Карабөрк атамды өлтүргөн душманымсың, сага тийбейм, эгер зордук менен алсаң акыры өзүңдү өлтүрөм дейт. Карабөрктү кылыч менен чаап салмак болгон Манасты кызга кылыч чабууга болбойт деп Бакай токтотот. Агасы келип кызга атасынын колго тушкөнүн айтат. Карабөрк өзү деле Манасты жактырып турса да намыстанып, атамды колго түшүрүп алып өлтүрүпсүң, колго түшкөн адамды өлтүргөн баатырлардын салтына жатпайт. Сен менин теңим эмессиң, мен төрө тукумунанмын дейт. Колго түшкөн Кайып даңдын аялы да ошол жерде экен. Ал кызына колго түшүп калган соң жеңгендин эркине моюн сунууга тийиштигин, аны кармаган Манастын өзү экендигин айтса да көнбөй, Манасты баатырдык жолду билбеген тексиз деп туруп алат. Аңгыча эл чогулган жерге келип калган Чалыбай ортодогу кыздын сулуулугуна таң калып, кимдин кызы экендигин сурайт. Бакай өлгөн Кайып даңдын кызы десе, Чалыбай колго түшкөндөрдөн бир да адам өлбөй, Кайып да аман-эсен багылып жатканын, байлоодо эмес бош экенин айтат. Карабөрк атынан түшүп, Манастан кечирим сурап, атасын көрсөтүүнү өтүнөт. Согуш токтоп, Бакай элге тийбегиле деп буйрук бердирип, Союштан артык сойбоңор Бүгүн душман, эртең эл, Бүлүндүрүп койбоңор деп жар чакыртат. Кайып даңды алдырып келип, ал үй-бүлөсү менен көрүшөт, эки эл жарашып, Манас Карабөрккө үйлөнөт. Кайып даң чоң той берип, кызына сеп камдайт. Кайыптын кызына арнаган үйүнүн жасалгасын Жайсаң деген ырчысы жарым күнү ырдайт. Карабөрк кайнагасы болуп калган Бакайды атып жарадар кылганын эстеп уялып, андан жүзүн буруп качып, таазим кылып жүгүнөт. Ызаатына ыраазы болгон Бакай алкайт. Бул ызаат элге жагып калгандыктан, келин кайнагадан качуу салтка айланат. Кол жай-жайына тарап, Манас Алтайга үйүнө кайтат. Жакып той берип, келинин отко кийирет.

Бул окуялардын тутумундагы жалгыз көздүү дөө, итаалы жөнүндөгү окуялар Сагымбай Орозбаковдун вариантына жеке мүнөздүү эпизоддор. Бири-бирине байланышы жок бул эки сюжет өз-өзүнчө түрдүү элдердин жөө жомокторунан тартып эпосторуна чейин көп кездешет жана мазмуну кенен иштелип чыккандыктан көп белгилери окшош. Эпостон орун алып калышы манасчынын окуяны кеңейтүү далалатынан туулган жекече демилгенин жемиши. Башка варианттардын эч биринде айтылбайт, ал турмак эскерилбейт.

Манастын Карабөрккө үйлөнүүсү атайын деталдаштырылган окуя катары Радлов жазып алган вариантта жана Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Бирок, Радлов жазып алган вариантта Манас Каныкейге үйлөнөрүндө атасы Жакыпка кайрылып, аял алып бер деген сөздөрүндө: «Кайыптын кызы Карабөрк Кармап алдым талаадан, Шооруктун кызы Акылай Олжолоп алдым коргондон» деген саптар кезигет. Буга караганда Карабөрктү Манас согуш майданында жеңип аялдыкка алышы эпостогу мурдатан келе жаткан белгилүү салттык окуя. Жогорудагы төрт сап ыр эпикалык клише катары эпостун варианттарынын көбүндө дээрлик өзгөрүүсүз кезигет. Манастын биринчи аялы Кайыптын кызы Карабөрк экени Саякбай Каралаевдин вариантынан тартып белгилүү варианттардын бардыгында кезигет.

Тема деталдаштырылган окуя түрүндө Шапак Рысмендеевдин вариантында жана Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында орун алган. Сюжет дал келбегени менен жалпы нук жана мазмундун негизи бир. Шапак Рысмендеевдин вариантында элге тынчтык бербеген Алты-Шаар, Кумулдагы кытай-калмак кандарына баса барып уруш салып, ошолордун бири Кайып кандын Карабөрк аттуу сулуу кызын аялдыкка алуу үчүн Манас көп кол менен аттанып Кумулга келип, Кайыптын шаарын камайт. Кайып коркуп элчи жиберет. Карабөрктү баш кылып миң кыз тартуу алып, эки эл жарашат. Манас Карабөрккө үйлөнүп, Кайып көп дүнүйө сеп менен кызын узатат. Манас Алтайга кайтып, Жакып келинин отко кийирип той берет. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Кырмустун шаарын караткандан кийин Манас менен Кошой биргелешип Каңгай тоосундагы Кайып канга аттанышат. Мурда камданып тосо чыккан Кайыптын колуна кез келип уруш башталат, жекеге чыккан Кайыпты Кошой жеңип, байлап алат. Кайыптын кызы Карабөрк жекеге чыгып, бир канча баатырды аттан түшүрө саят, Карабөрк тынымсыз аткан жаанын огу тийип, Бакай колунан жарадар болот. Карабөрккө каршы Манас өзү чыгып, баатыр кызды аты менен кошо көмөлөтө саят. Жыгылган кызды кырк чоро байлап алышат. Карабөрктү көргөн Кошой менен Бакай жактырып, Манаска алып берип, келин кылып алсакпы деп кеңешишет. Кыз атасы тирүү болсо Манаска тийүүгө макулдугун берет. Кызыңды Манаска бер деген Бакайдын сунушуна Кайып кубанып макул болот, уруш токтоп, эки эл жарашат. Кайып чоң той берип, кызын узатат. Кол Алтайга кайтып, Жакып келинине той берет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4