Марганец рудалары
Марганец рудалары — бөлүп алууга экономикалык жактан татыктуу өлчөмдөгү марганеци же анын бирикмелери бар табигый минералдардын чогундусу.
Руда пайда кылуучу эң негизги минералдары: пиролюзит (составында Мп 63,2%), нсиломелан (45—60%), манганит (62,5%), браунит (69,5%), гаусманит (72%), родохрозит (47,8%), родонит (32—41%).
Марганец рудаларында көпчүлүк учурда темир минералдары болот. Өнөр жайлык мааннси боюнча негизги орунда чөкмө кендери турат.
Алар байыркы денизде же көлдө кабат жана линза түрүндө топтолгон (мис., Украинада—- ц- кополь, Грузияда — Чиатура. Кьггт-д- да — Арчалы, Жакболот, Жетж-Өгуз кендери ж. б.). Чекме кендердин ичинде төмөнку негизги типтери бар; а) кычкылдуу —тайыздыкта пайда болгон псиломелан - пиролюзиттуу жана манганиттуу рудалар; б) карбонаттуу — өтө тереңдикте пайда болгон көбүнчө родохрозит, олигонит, манганит-кальциттуу рудалар. Метаморфизм кендери жогорку температуpa менен басымдын таасиринен чөкмө кендердин өзгөрүлгөнүнөн келип чыгат да составында көбүнчө марганецтин суусуз кычкылдары (браунит, гаусманит) жана кыч кылдары (родонит ж. б.) болот. Үбөлөнүү кендери — кендердин кычкылдануу зонасында марганецтин топтолушунан пайда болот. Океандардын тубундо темпр-марганец конкрецияларынын жыйындылары Марганец рудалрынын ири ресурсун тузөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.