Марипов Арапбай Марипович (3. 1. 1939-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Кыргыз-Ата айылы) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1994), профессор (1994). Нью-Йорк Илимдер академиясынын академиги (1994). ММУну (1964), анын аспирантурасын аяктаган (1970). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика институтунда инженер (1964–65), кенже илимий кызматкер (1965–66), ФПИде улук окутуучу (1970–72), кафедра башчысы (1972–91), Ош жогорку техникалык колледжинде кафедра башчысы (1991–95), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жаңы технологиялар институтунун директору (1994–95), Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестация комитетинде бөлүм башчы (1997–99) болуп иштеген. 2000-жылдан КТУда кафедра башчысы. Радиофизика, оптика жана голография боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 3 окуу куралдын, 6 ойлоп табуунун, 6 патенттин автору.

Эмгектери: түзөтүү

  • Кванттык механиканын башаты. Б., 2008;
  • Физические основы электроники. Б., 2010.

Негизги ойлоп табуулар:

  • Радужная голография. Фрунзе, "Илим", 1988.
  • New aspects in rainbow holography.J.Optics (Paris), 1991,v.22,№6, 297.
  • The Talbot effect in holography. J.Appl.Phys.(USA), 1993,v.74,№8, 7039.
  • Theory of the Slitless Rainbow Holography and the Talbot Effect in Holography.J.Optics (Paris), 1995, v.26, №5, 201.
  • The Superhologram. J.Opt.A: Pure Apl. Opt. (UK), №1, 1999, 354.

Колдонулган адабияттар түзөтүү