Москвадагы басмакананын кампасындагы өрт кырсыгы
Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесиндеги өрт кырсыгы — 2016-жылдын 27-август күнү Москва шаарынын Алтуфьев шоссесиндеги «Печатный экспресс» басмаканада болгон өрт кырсыгы. Ал кырсыктан 17 адам каза болуп[1]., 4 адам жаракттарды алышкан. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргызстандын 3 адам Орусиянын жарандары болушкан.
Печатный экспресс | |
Өрт болгон жер |
Алтуфьев шоссеси, 5-үй, Москва , Орусия |
---|---|
Датасы |
27.08.2016 |
Өрттүн келип чыгышы |
Электр чырагынын жарылышы |
Каза болгондор | |
Жаракат алгандар |
3 адам |
Зыян тарткандар |
4 адам (куткаруучулар) |
Себептери
түзөтүүӨрттүн келип чыгуусуна жарыктандыруучу жабдыктардын иштен чыгышынан улам жаралган техногендик фактор себеп болгон. Ошондой имараттын ичиндеги тез күйүп кетүүчү буюмдар өрттүн күчөп кетишине алып келген. Ал эми имараттын түзүлүшү өз алдынча өзгөртүлгөндүктөн жумушчулар сыртка чыга албай калышкан [2].
Окуянын жүрүшү
түзөтүү2016-жылдын 27-августь күнү болжол менен, таңкы саат 7:56, «Печатный экспресс» басмаканасынын кампасында өрт чыккан[3]. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, кампада кагаз жана дароо өрт алуучу боёктор болгондуктан өрт тездик менен күйүп имараттын ичин бүтүндөй каптаган. Өрттүн келип чыгуу себеби, электр чырагынын жарылышынан болгон. Биринчи кабаттан чыккан өрт лифт шахтасы аркылуу төртүнчү кабатты кошо каптаган. Басмакана күндүзгү жана түнкү мөөнөттө иштегендиктен бул учурда түнкүсүн иштеген жамаат күндүзгү жамаатка алмаштырылып жаткан. Андыктан кийим которуучу бөлмөдөгү кыз-келиндер сыртка чыга албай калышкан. Окуяга күбө болгондордун бир тобу ӨКМ кызматкерлери абдан жай иштегенин билдиришип. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттерине анча ынанбаган айрым жарандар, жардам берүү үчүн бөлөмөлөргө кирип барышкан.Алар:Азамат Акматов, Адыл Шакиров, Азизбек Абдыгапар уулу, Маматсабыр Алимбек уулу, Таалайбек Марип уулу жана Юрий аттуу жарандар.Булардын иш аракеттери менен бир канча адамдар куткарылып калган.
Каза болгондор
түзөтүүN: | Аты-жөнү | Туулган жери | Туулган жылы |
---|---|---|---|
1 | Айкөл Абдаким кызы | Алай району Кабылан-Көл айылы | 19.01.1993 |
2 | Айчүрөк Абдумаматова | Ош шаары | 24.03.1990 |
3 | Айсулуу Базарбай кызы | Өзгөн району Куршаб айылы | 01.01.1993 |
4 | Алина Канатбек кызы | Ноокат району Төөлөс айылы | 08.02.1994 |
5 | Алина Топчиева | Ош шаары | 05.05.1994 |
6 | Алмаш Камчыбекова | Өзгөн району Куршаб айылы | 27.01.1998 |
7 | Гүлбара Бообекова | Кемин району Кемин шаары | 16.07.1971 |
8 | Динара Раимкулова | Сузак району Кыз-Көл айылы | 10.08.1983 |
9 | Жаркынай Абдуганиева | Ноокат району Төөлөс айылы | 16.02.1982 |
10 | Жаңылмырза Коргонбай кызы | Кара-Суу району Кара-Дөбө айылы | 12.02.1995 |
11 | Нурай Жумадылова | Ак-Суу району Ак-Булуң айылы | 10.09.1998 |
12 | Махигүл Азимжан кызы | Ноокен району Курулуш айылы | 03.12.1995 |
13 | Индира Маматкасымова | Каракол шаары | 18.08.1977 |
14 | Кыял Алабердиева | Ак-Суу району Челпек айылы | 25.04.1986 |
Аракеттер
түзөтүүОрусия «Печатный экспресс» ишканасынын башкы директору Сергей Москвинге жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.
Булактар
түзөтүү- ↑ При пожаре на складе на северо-востоке Москвы погибли 17 человек (орусча) (27 -август (баш оона) 2016). Түп булактан архивделген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2022.
- ↑ Москвада 14 Кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрттүн келип чыгуу себептери аныкталды / Super.kg (кырг.)
- ↑ Пожар на складе типографии в Москве: что известно о ЧП на Алтуфьевском шоссе (орусча) (27 -август (баш оона) 2016). Түп булактан архивделген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2022.