Мубах (арабча: مباح) – кылуу менен кылбоодо дин жагынан эч кандай тоскоол болбогон, жооптуунун эркине коюлган иш-аракеттер «халал» жана «жаиз» терминдери мубах менен бир маанидеги сөздөр катары колдонулат.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар (﴾ﷺ﴿) •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Бир нерсенин мубах болуусу, анын убактысы жана түрү менен байланыштуу. Мисалы, жеп-ичүү убактысын жана түрүн тандоо мубах болуп саналат. Адам ылайыктуу учурда, өзүнө халал болгон бир кыз (аял) менен турмуш кура алат. Халал жол менен сайран кура алат, бирок күндөп-түндөп оюн-зоокко берилүү жаиз болбойт.

Заттардагы түпкү касиет – мубах жана халалдык болуп эсептелет. Анын мындай сыпатын жокко чыгаруу үчүн, мубах эместигин далилдеп берүүчү шарияттык атайын далил керек болот. Мубахтыгын жокко чыгарган далил табылмайынча, заттар түпкү халалдык касиетин сактап калат.

Мубах иш-аракеттердин аткарылышына сооп да, жасалбастыгына карата күнөө да жок. Бирок бул иш-аракеттерди жасаган кезде сүннөт, же жакшылык ниети менен аткарылса сооп ыйгарылат. Мисалы: бир мусулман кийим киерде, уктаар кезде пайгамбарыбызды (САВ) үлгү катары туурап, оң жактан баштап кийинип, оң капталы менен кыбыла тарапка жүздөнүп уктаса сооп табат.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Мубах Archived 2012-04-21 at the Wayback Machine